«Каухар» бизнес-борборундагы өрт өчүрүлдү

Орто-Сай базарынын аймагындагы “Каухар” медициналык борборунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-майда болжол менен саат 11:32 чамасында өрт тууралуу билдирүү келип түшкөн. Өрт саат 12:27де чектөөгө алынып, саат 13:10дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттөн болжол менен 130 чарчы метр чатыры күйгөн.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана каза болгондор жок.