Жерге төшөлгөн туу боюнча иш сотко өттү

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» тарыхый археологиялык музей комплексинде туунун курулуш иштерине колдонулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин «Сулайман-Тоо» музей комплексинин мурунку кызматкери музейдин жертөлөсүн оңдоо учурунда туу таштанды топтош үчүн жерге төшөлдү делип, интернет айдыңында бир нече сүрөт жарыялаган.

Буга «Сулайман-Тоо» архитектуралык музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев айыптуу экени айтылып жаткан. Ал эми Кангелдиев болсо полго төшөлгөн туунун окуясы ал жетекчи болуп келгенге чейин орун алганын, ошондуктан ага жооптуу эмес экенин билдирген.

Тийиштүү экспертизалардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси (КРнын мамлекеттик гербин же мамлекеттик желегин мазактоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Натыйжада тергөөдөн кийин чогулган материалдар Ош шаардык прокуратурасы аркылуу Ош шаардык сотуна кароого жиберилди.