Ихматулла МАТИРАИМОВ: “Америка – мени эл эмне дейт деген ойдон арылтты”

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Расмий эмес маалыматтарга таянсак, азыркы учурда Америка Кошмо Штаттарында 25 миңден ашык кыргыз мигранттары бар. Алардын арасында, ийгиликтерге жетишип, кыргыз улутунун кадырына шек келтирбей, желегин бийик көтөрүп жүргөн мекендештерибиз бар. Бүгүн биз АКШдагы алгачкы күндөрүн көп кыйынчылык менен өткөрүп,9 жылдын ичинде, кыялдарын орундатып, жакшы жашоо-турмушка жетишкен Матираимов Ихматулла тууралуу сөз кылмакчыбыз. Ихматулла ушул тапта Чикаго шаарында IPsoft деген жеке фирмада программист болуп иштейт. Айти тармагына келгенге чейин, ал ар кандай кара жумуштарда иштеп, физикалык, моралдык жактан абдан кыйналган. Ошондуктан, азыркы жумушун тапканы үчүн өзүн бактылуу сезет. Каарманыбыз Баткен районуна караштуу, Жаңы-Жер айылынын тургуну. Жашы 31де.

—  Ихматулла, IPsoft фирмасы жөнүндө айтып берсең?
— Жакшы болот. IPsoft – айти тармагын башкаруу боюнча кызмат көрсөткөн жеке менчик фирма. 13 мамлекетте филиалдары бар. Жалпысынан 3 миңге жакын жумушчу орунду камсыздайт. Ошондой эле, айти тармагын автоматташтыруу жаатында, бул фирманын ээлеген орду чоң.
— Мындай жакшы жумушка кандайча келип калдың?
— Бул тармак боюнча иштеп жатканыма 3,5 жыл болуп калды. Ага чейин дүкөндөрдө килем саттым, кафелерде официант болдум, шаар ичинде такси айдадым. Андан сырткары, чоң фуралар менен бир штаттан экинчи штатка жүк ташыдым. Күндөп-түндөп, уйку бетин көрбөй, ден соолуктан айрылып жаным кыйналганда, өз кесибим боюнча иштесем дегенде эки көзүм төрт болчу. Бир күнү ушул боюнча атайын кыска мөөнөттө окуткан курстар бар экенин угуп калдым. 2-3 ай курска бардым. Кийин резюме даярдап, 15тей фирмаларга жөнөттүм. Бирок, мага көпкө чейин эч кимден жооп болгон жок. Үмүтүм үзүлүп бараткан. Кудай жалгап, бир айдан кийин азыркы фирмадан телефон чалып калышты.
— Сени оңой эле ала койбосо керек?
— Ооба, 3 жолку экзаменден сүрүнбөй өткөндөн кийин гана жумушка кабыл алышкан. Ага чейин мени бардык жактан сынап көрүштү.
— “Время — деньги” деген сөз америкалыктардан келген эмеспи. Канча саат иштеп, канча айлык аласың
— Саатына 35 доллар табам.
— Кандай милдеттерди аткарасың?
— Мен өзүбүздүн платформаны карап, оңдоп турам. Колдо жасалган жумуштарды автоматташтыруу – менин милдетим.
— Америка сенин кыялыңда бар беле, же муктаждыктан улам бардыңбы?
— Апамдар башталгыч класста окуп жүргөн кезимде, Америкага барып иштейм деп көп айтчусуң дешет. Кийин жогорку окуу жайда окуп жүргөндө деле ойлонуп жүрчүмүн. Бирок, кыялымды кантип ишке ашырууну билчү эмесмин. “work and travel” программасы тууралуу досторум айтып калды. Менде ал кезде финансылык мүмкүнчүлүк жок болгондуктан аракет кылган эмесмин. Бирок, бассам-турсам деле Америка оюмдан чыкпай койду. Айлынып тегерин жүрүп, акыры атама айттым. Атама дароо айтпаган себебим, ошол учурда алар 5 баланы бирдей окутуп, бирин гимназияга, бирин лицейге, бирин университетке жиберип, тапкан-ташыганын бизге салып, өздөрү ичпей-жебей: “Биз кийбесек койдук, силер кийгиле, окуп билим алгыла”,-деп жүргөн убактары болчу. Менин Америкага барып келейин деген оюмду угуп, атам короодогу малдарын сатып жөнөтүшкөн. Ошентип, Америкага келип калдым. Анан Салам, Нью-Йорк башталды.
— Анда Америкадагы алгачкы күндөрүңдү эске салсаң?
— Бул жака эң жакын досум экөөбүз чогуу келгенбиз. Бишкекте түзүлгөн келишим боюнча Нью-Йорктогу парктардын биринде, велосипеддерди ижарага берип иштемекпиз. Ал үчүн бизге саатына минимум 9 доллардан айлык алмакпыз. Башкача айткан, 3 айда биз 6-7 миң доллар таап кетмекпиз. Бирок, тилекке каршы бизди Бишкектен алдап коюшкан экен. Көрсө ал келишим, 1 айга эле түзүлүптүр. Андан сырткары, саатына 9 доллар эмес, бир күндө канча акча түшсө, ошонун 20 пайызы биздики болмок экен. Үстөккө босток болуп, биз баргандан тартып эки күндүн биринде жаан жаап, туристтер да, эс алуучулар да паркка келбей койду. Ошентип, бир ай өзүбүз жаныбызга салып барган акча менен жан бактык. Жумасына 100 доллардан батирге төлөчүбүз. Акчабыз жок калганда, бизди кууп чыкты. Метродо, паркта түнөп жүрдүк. Эртен менен 5 долларга фаст-фуд сыяктуу куурулган тоок этин алабыз, жарымын жеп, теңин кечкиги калтырабыз. Түштө эч нерсе жечү эмеспиз. Кийин бирин-экин кыргыз кыздар-балдар менен таанышып, алардыкына барып уктап жүрдүк. Группалашым экөөбүз жаш болгонбузбу билбейм, каяка барабыз, каякка жатабыз эч нерсени сурабай, тактабай эле келе бериптирбиз. 2-3 ай кыйынчылыкты жакшы эле көрдүк.
— Чын эле салам Нью-Йорктогудай болгон турбайбы…
— Дагы бир кызык окуя. Бизди чү дегенде эле такси айдаган американец алдап кеткен.Самолеттон түшүп, таксиге отурдук. Бара турган жердин адресин айтсак, 12 доллар деди. Эсептеп көрсөм 450-500 сом экен. Биздегидей эле го сүйүнүп койгом. Жеткенден кийин 12 доллар сунсак: “Бул аз, силер километрине 12 доллардан төлөгүлө, болбосо полиция чакырам”,-деп бирөөгө телефон чала баштады. Досум экөөбүз коркконубуздан 265 доллар акчаны берип койдук. Көрсө, биздин биринчи жолу келгендигибизден пайдаланган экен. Кийин билсем, Нью-Йорктун аэропортунан шаардын кайсы жерине болбосун 55 долларга эле жетикирет экен.
— Силерди жиберген компанияны эч ким сотко берген жокпу?
— Жок. Алар өзүлөрүнүн катасын сезип, компаниясын жаап салышкан. — Ушундай кырдаалга кабылганыңызды ата-энең билди беле?
— Азыр билишет. Ал эми жаңыдан барганда апамдарга Америка сонун экен, баары жомоктогудай деп айтчумун. Кудайга шүгүр, азыр бардыгы ойдогудай. Жакында эле Чикагодон чооң жер үй алдым. Буюрса, күздө атам менен апамды чакырайын деп пландап жатам.
— Үй алуу кыйын эмеспи?
— Жок, бул жакта туруктуу жумушуң болсо, криминалга аралашкан эмес болсоң, налогдорду убагында төлөп турсаң үй алуу оңой. Албетте, үйлөрдүн баасы абдан кымбат. Ошондуктан, жарымын накталай төлөдүм, жарымын насыяга алдым.
— Кут болсун, эми өзүңүдүн кичи мамлекетин тууралуу айта кетсең?
— Келинчегим Бүбүсаара экөөбүз “Мой мир” деген социалдык түйүн абдан мода болуп турган кезде таанышканбыз. Алгач, интернет аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Кийин жолугуп, бири-бирибизди жактырып калдык. Кудайдын буйругу менен ушул жактан үйлөнүп, баш коштук. Азыр эки кызым бар. Улуусу Салиха Семра 2,5 жашта. Кичүүсү Сафияга 1 ай болду.
— Кызгызстанга качан кайтасыңар?
— Балдар чоңойгуча бул жакта болобуз. Кийинкини дагы көрө жатарбыз. Бирок, Кыргызстанга жыл сайын барып турабыз. Өз эли-жериңе эч нерсе жетпейт го чиркин…
— Америка сага эмнени үйрөттү?
— Кандай жашоо керектигин үйрөттү десем туура болот окшойт. Иштегенди да, эс алганды да, өзүңө, үй-бүлөңө убакыт бөлгөндү үйрөндүм. Андан сырткары, финансылык абалыңа карабай чоң максат коюу, арканды алыс таштоо керектигин түшүндүм. Эң маанилүүсү – эл эмне дейт деген ойдон арылдым. Кыргызстанда жүргөндө, өзүмдүн оюман, элдин оюн өйдө көрүп, ушул сөзгө аябай маани берчүмүн. Көрсө, бул такыр туура эмес экен. Муну менен катар, башкалардын чечимине сый-урмат менен мамиле кылууну өздөштүрдүм. Бизде, бир нерсе кылсаң эле дароо, сын тагып, негатив сөздөрдү айтып, ээрден тартып түшүргөнгө даяр турушат эмеспи. Бул жакта, тескерисинче.
— Сага эркин микрафон?
— Мен учурдан пайдаланып жаштарга, дегеле чет элге чыгууну кыялданып жүргөндөргө айтат элем, бардык нерсеге кол жеткизүүгө болот. Азыр техника өнүккөн заман. Карап турсаң, айылда, ал эмес жайлоодо жатып алып интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан, кимде-ким сыртка чыгууну пландап жүргөн болсо, алдын ала жол-жоболорун билиңиздер. Мага окшоп, Америка десе эле көздү жумган бойдон кете бербей, каякка барам, каякка жатам, кандай транспорт каттайт, жол кире канча ж.б. күн мурун билип алыңыздар.