“Аврора” санаторийинде уулангандардын саны 22 адамга жетти

Ысык-Көл облусундагы “Аврора” санаторийинде уулангандардын саны 22 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, 7-майда “Аврора” санаторийинде 18 адам ууланып калгандыгы тууралуу маалымат чыккан. Алардын жетөө кикбокс боюнча Азия чемпионатына келген чет элдик спортчулар.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 8-майда сегиз адам ооруканадан чыгарылган, алардын арасында бардык чет элдик спортчулар болгон. Ошондой эле кийинчерээк дагы төрт адам жардам сурап кайрылган. Учурда 14 кыргызстандык бейтапканада жатат.

Учурда алардын абалы туруктуу.