Сом чейрек кылымда төрт ирэт өзгөртүлгөн

Кыргызстандын улуттук акчасы – сомго бүгүн 25 жыл болду. Бул датага карата Улуттук банк журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү.  Анда туура чейрек кылым мурда эгемендикти жаңы алган республикалардан алгачкы болуп Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизгени, андан бери сом  4 ирэт өзгөртүлгөнү айтылды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, КР көз карандысыздыкты алгандан кийин жана Конституция кабыл алынгандан тарта өлкө өз алдынча экономикалык ишмердүүлүк жүргүзө баштаган.

“25 жыл мурда 10-май таңкы төрттө биздин улуттук валюта –сом жүргүртүүгө киргизилген. Рубль менен сомдун тең жүрүшү 1993-жылдын 14-майына чейин уланган. 14-майда кечки саат 6да рубль менен сомду бирдей колдонуу токтотулган. ”,-деп билдирди ал.

Алгач эң кымбат банкнот 100 сом болсо, 2000-жылы 200, 500, 1000 сомдук, 2010-жылдан тарта 5000 жана былтыр 2000 сомдук банкнот жүгүртүүгө киргизилген.