Улан Примов: ТЭЦ боюнча депутаттык комиссияга эч ким басым көрсөткөн жок

ТЭЦтеги аварияны жана аны модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссияга эч ким басым көрсөткөн жок деген билдирүүсүн комиссиянын төрагасы Улан Примов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

Примов өз сөзүндө депутаттык комиссиянын дээрлик бардыгы кол коюп берген. Бир-эки депутат иш сапарында болгондуктан акыркы корутунду менен тааныша алган эмес.

Комиссия өз корутундусунда авариянын чыгышына алып келген бир нече себептерди айтты. Анын айтымында, энергетика тармагында мамлекеттин ырааттуу саясатынын жоктугу, бул тармактын саясатташып кетиши, тууганчылдык аракеттер кадрдык дайындоолордо кадыресе көрүнүш болуп калганы аварияга алып келген. Ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык тыкыр иликтөө жүргүзүү менен жүргүзүлгөн эмес.

Примов андан сырткары депутаттык комиссия иликтөө учурунда ТЭЦте 2014-2015-жылдары авариялык мүнөздө болгон окуянын кесепеттери толук жоюлбагандагы аныкталганын кошумчалады.

Булак: Спутник