Оңдоо иштерине байланыштуу Тыныстанов көчөсүнүн бөлүгү жабык болот

Бишкекте ондоо иштерине байланыштуу Тыныстанов көчөсүнүн бөлүгү жабык болот. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта Тыныстанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Бул тилкеде асфальтбетонду оңдоо, тротуарларды, жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 30-августуна чейин аяктоо пландалууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Булак: Кабар