Орусия Кыргызстан менен аскердик-техникалык кызматташтыкка келишим түзөт

Россия Кыргызстан менен аскердик-техникалык кызматташуу боюнча келишим түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Россиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын директорунун биринчи орун басары Андрей Бойцов Жаматтык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттер аралык комиссия жыйынында билдирген.

«Тасс.ру» маалымат агентиги билдирген маалыматка ылайык, Буга чейин Россия аскердик-техникалык жаатта Белоруссия, Армения жана Казакстан менен келишимдер түзүлгөнү маалым болгон. Эмки кезекте мындай келишим Кыргызстан менен түзүлөт.

Андрей Бойцов бул келишим өз ара кызматташууну жөнөкөйлөтүп, түздөн түз ишканалар менен иштешүүгө жол ачат. Бойцов билдиргендей, буга чейин ЖККУ мүчө-мамлекеттердин президенттери тарабынан улуттук коргонуу өнөр-жай комлекстерин өркүндөтүү тапшырмасы коюлган. Анын алкагында колдонуудагы курал-жарактарды жана аскер техникаларын тейлөө борборлорун түзүү жана өнүктүрүү каралган.