Лейлекте өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Баткен облусунун Лейлек районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, Жарандык коргонуу штабы түзүлдү. Бул  ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, анда “Лейлек районунун аймагында өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө” буйрук чыгарылып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар коюлган.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын штабы түзүлүп, кырсыктан жабыркагандарды тактоо жана жоюу иш-чаралары улантылып жатат.

Эске сала кетсек, кечээ, 13-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Лейлек районунда сел жүрүп, бир нече үйдү суу каптаган.