Сапар Исаков сурак берүү үчүн кайрадан УКМКга келди

Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков УКМКга сурак берүү үчүн келди.

Бул анын УКМКга сурак берүү үчүн экинчи ирэт чакыртылышы. Буга чейин 26-апрелде Исаков УКМКга «Бишкек ТЭЦин модернизациялоо» долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылган болчу.

10-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулаган. Анда мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Сапар Исаков баш болгон 30дай кишинин аты жазылып, саясий баа берүү жана алардын жоопкерчилигин кароо сунушу айтылган.