АКШ элчилиги Тель-Авивден Иерусалимге көчөт

АКШнын элчилиги Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчөт.
Былтыр 6-декабрда президент Дональд Трамп АКШ Чыгыш Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимди бекиткен.

Мындай чечим АКШнын Европа менен Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөштөрүнүн сынын, мусулман дүйнөсүндө нааразылыктарды жараткан. Израил-Палестин аймагында кагылышууларга түрткү болгон.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрөт. Шаарды азыр толук Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын ээлигин тааныган эмес.

“Рейтер” агенттиги Иерусалимде “АКШнын элчилиги” деген англис, араб жана иврит тилдериндеги жол белгилер кеминде үч жерге илингенин өткөн аптада кабарлаган.

Булак: Азаттык