Боомдо атайылап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2017-жылдын 14нөн 18-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 14-майдап тартып, 18-майга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин патрулдук милиция кызматы тарабынан саат: 9-00дөн 15-00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. 30-40 унаа чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.