Автобекеттер жаңыланууга муктаж

“Автобекеттер кайрадан жаңыланып, өндүрүштүк-структуралык базасында чоң өзгөрүүлөр жүрүп жатат”. Мындай маалыматты бизге “Кыргызавтобекет” мамлекеттик ишканасына караштуу “Талас автовокзалы” бөлүмүнүн башчысы Сыргак Апитов билдирди.

– Сыргак Нөкөнович, кезинде Таластагы автовокзалдын алдындагы аянтта автобустар батпай турчу эле. Азыр абалы кандай?

– Айтылгандардын баарысы өткөн чак болуп калды. Азыркы материалдык-техникалык базабыз — бул Талас автовокзалынын, Кызыл-Адыр автобекетинин имараттары, андагы эмеректер, аларга тиешелүү жерлер. Азыр жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалар жетишээрлик. Бирок, баарысы,  жеке  менчикке тиешелүү. Алар өз алдынча уюмдарга бири-гип, келишим аркылуу иштеп жатышат. Облустун  аймагында  Кара-Буура  районунда  бир автобекет, эки автокасса, Манас жана Бакай-Ата райондорунда бирден автокассабыз бар.

Бүгүнкү күндө биздин мекеме Транспорт жана  жолдор  министрлигинде  калтырылганы менен “Кыргызавтобекет”  мамлекеттик ишканасы катары кайрадан уюштурулуп, өз алдынча иштөөгө өтүүдө. Буга чейин көзөмөлдөн сырт калган эмгек жамааттарында ишти бир нукка салуу убакытты талап кылат экен. Биринчи кезекте автобекеттерге тиешелүү жерлерди тактоо жүрүп жатат. Маселен, Кара-Буура автобекетинин 0,24 га жери бар. Иш жүзүндө анын кыйласын башка бирөөлөр өз алдынча ээлеп алып, мыйзамсыз иш-кагаздары аркылуу менчиктеп, атүгүл айрымдары ошол жерди өздөрү иштетпей, ижарага берип коюшкан.

Автобекетте дайыма элдин кыймылы көп болот. Демек, соода-сатык, тамак-аш жана башка тейлөө кызматтарын көрсөтүүлөрдөн жакшы пайда түшөт. Буга Кара-Буура автобекетинин территориясындагы “Алтын-Казык” соода жайын эле мисал кылсак жетиштүү. Алар ошол жерди өздөрү иштетпей, ижарага берип, пайдага туйтунуп жатканы менен автобекеттин айланасын көрктөндүрүүгө эч кандай салым кошкон жок. Контейнерлердин чаржайыт коюлушу өзүнчө чоң сөз. Кыскасы, бүгүн автобекеттин тегереги “цыган базарынын” түспөлүн кийип калган.

–  Облустун  экинчи  борбору  болгон ошол Кызыл-Адыр автобекетинин абалы жолго салынбай койду…

– Негизи буга чейин Кара-Буурада эле эмес, бардык жерде иш чаржайыт болуп, ар кимиси өз билгенинче иштеп келген. Анткени, министрликтин алдындагы тийиштүү департамент тарабынан абалга бир жактуу мамиле жасалып келген. Бул жүргүнчүлөрдү тейлөө кызматынын сапатын төмөндөтүп, ошол эле маалда топтолгон каражаттарды максаттуу пайдаланууга да терс таасир тийгизген. Маселен, Кара-Буура автобекетинде тейлөө кызматтарын көрсөтүүдөн табылган бир жылдык киреше 1 миллион сомдон ашык болгону менен автобекетти оңдоп-түзөтүп, айланасын тартипке келтирүүгө жана көрктөндүрүүгө кара-жат дээрлик бөлүнбөй, башка муктаждыктарга жумшалып кеткен.

Мында автобекеттин мурдагы жана азыркы жетекчилеринин да күнөөсү бар. Алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарууга жетишээрлик маани беришпеген. Бүгүнкү талаптар жалпы элдик ишке минтип кайдыгер мамиле жасоону кечирбейт. Азыркы учурда автобекеттин айланасында жайгашкан соода-сатык, тамак-аш жайларынын, дарыкананын ж.б. ээлеген орундарынын мыйзамдуулугу текшериле баштады. Чынында, бул оор жумуш. Көп жылдан бери ээлеп келген орундарды алар дароо эле бошото салышпайт. Буюрса, булардын баарысы кыска аралыктамыйзамдуу жолдор менен жөнгө салынып, калыбына келтирилет. Жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар менен бирдикте уюштуруу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады. Автобекетке тиешелүү жерди толугу менен кайрадан калыбына келтирүү, автоунаалар токтоочу жайды асфальттап, көрктөндүрүү иштерин да колго алмакчыбыз.

– Азыркы учурда жол кырсыктары көп катталып жатат. Анткени, автоунаалардын техникалык абалы талаптарга жооп бербейт. Ичимдик ичип алып, рулга отургандар көп кездешет. Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн кандай аракеттер көрүлөт?

– Биз фирмалар менен келишимдик негизде иштейбиз. Анда автоунаалардын абалын көзөмөлдөп туруу үчүн фирмалар өз эсебинен механиктерди жанадарыгер-нарколог адисин кармоо тартиби каралган. Бирок, азырынча натыйжа аз болууда. Эми аларга карата да түпкү натыйжа үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт.

– Кызыл-Адыр – Талас – Бишкек багытында Өтмөк, Төө-Ашуу аркылуу каттаган таксисттердин бириккен уюмдары бар. Жүргүнчүлөр алардын айрым кадамдарына нааразы. Маселен, Бишкекке жана ал жактан кайтканда, кээде, айрыкча дем алыш жана майрам күндөрү жол жүрүү акысын 350-400 сомдон 1000 сомго чейин көтөрүп жиберишет. Бул көйгөйдү кимдер чечиши керек?

– Бул бизге жакшы белгилүү. Башка региондордо жол кире акылары туруктуу. Бир мисал, “Кара-Буура-Экспресс” фирмасы (жетекчиси Улан Умарбеков) аталган багытта жүргүнчүлөргө тейлөө кызматын көрсөтүп жатат. Тилекке каршы, алардын ишинин сапатына нааразылык көп. Автоунаалардын техникалык абалы да тынчсыздандырат. Адамдардын ден-соолугуна, атүгүл өмүрүнө катуу коркунучтарды келтирген жол кырсыктары катталган учурлар бар.

Булардын баарысын тиешелүү мамлекеттик күч структуралары менен бирдикте комплекстүү түрдө туура жолго коюуга чукул аракеттер көрүлмөкчү. Мында унаалардын санына эмес, сапатына басым жасалат. Жол кире акыларын туруктуу баага келтирүү да унутта калбайт. Азыркы кезде Казакстан аркылуу Бишкекке каттаган автобустардын жана микроавтобустардын кыймылы кассалык тартип менен жүзөгө ашырыла баштады.

– Көк-Сай – Бишкек багытына жана Бишкектен бул жакка автобустардын каттап тургандыгы жакшы. Бирок, кээде рейстер үзгүлтүккө учураган учурлар бар. Баса, жолбелден түшкөн жүргүнчүлөрдүн жол киреси эсепке алынабы?

– Рейстердин үзгүлтүккө учуроосу тууралуу маалыматыбыз жок. Бирок, бул сын-пикир эске алынат. Быйыл март айынан тартып Көк-Сайдан тышкары Шекер жана Аманбаев айылдарында жеке менчик дүкөн ээлери менен өз ара келишим түзүлүп, Бишкек багытындагы автобустарга билеттер сатыла баштады. Билет акысынын 30 пайызы аны саткандыгы үчүн төлөнөт. Маселенин оңуттуу чечилишине парламенттин депутаты Р.Момбековдун жана Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Мураталиевдин салымы чоң. Покровка, Бакай-Ата багыттары боюнча да ушундай аракет көрүлүп жатат.

Өскөнбек ЧАРГЫНОВ, Талас облусу