Сапар Исаков УКМКга дагы суракка барат

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду УКМК  бүгүн кайрадан саат 14:30га чакырышкан. Бул тууралуу Исаков өзү журналисттерге билдирди. Ошондой эле ал, кайрадан УКМКга саат 14:30да барарын билдирди.

Исаков тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу суракка алуунун себебин айткан жок.

“Ачыгын айтканда тергөө “корректно” өттү. Тактап жатышат”,-деди Исаков.

Эске сала кетсек, Исаков УКМКга «Бишкек ТЭЦин модернизациялоо» долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *