Гүлайым МУРЗАЕВА, «NewTV» телеканалынын «Таң маанай» бөлүмүнүн продюсери: “Уй табылбаганда, окубай калмакмын”

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


– Саламатсыңбы, Гүлайым? “Кыргыз Туусунун” “кечки коңгуроосун” кабыл алып, баарлашууга убакыт тапканың жакшы болбодубу. Дегеним, дайыма эле шашып жүргөнүңдү баамдайм. Деги кайда шашасың?

– Убактымды үнөмдөп, максатыма карай шашам. Максаттарым уктатпайт. Аз уктап, көп иштөөгө бала кезимен көнгөм. Эмнеге жетсем таза эмгегим менен жеттим, эмнеге жетпесем мен үчүн баалуу болгон баалуулуктар үчүн баш тартканым үчүн жетпедим. Бирок тааныш- билиш, пара берүү, кошоматчылык кылуу – менин жашоомдо болбоду. Өзүмдүн машыктыруучум – көбүнчө өзүм. Өзүмдү-өзүм шыктандырам. Жыйырма төрт саат эмес, кырк сегиз саат деле кээде жетпечүдөй. Бирок ар бир мүнөтүмдүн өз максаты бар. Ысык-суукка карабай, жамгыр, нөшөр дебей, бет алган багытыман кайтпаганга аракет кылам. Ооруп калсам, эркелеп жатуу деген түшүнүк менде жок. Анча-мынча нерсеге чөгө бербей, анча-мынчага бой көтөрүп мактанбай, жөнөкөйлүктөн тайбаганга тырышам. Сөз менен сүйлөбөй, иш жүзүндө далилдөө менин принцибим.

– Ушундай иштерман кыз кайсыл жерде туулуп-өстү экен?

– «Атак – даңкым бийик болсун, болбосун, бийик жерде төрөлгөнгө кубанам» – деп улуу акын Б.Сарногоев айткандай, бийик жерде, тоолордун арасында – Ош облусуна караштуу Чон-Алай районунун Кара-Мык айылында туулуп-өскөм. Ата-энем мугалим болгондуктан бир гана үйдө эмес, мектепте да таалим-тарбия, билим беришти. Келечекте бийик адам болушубузду каалап, ата-эне катары да , мугалим катары да жол көрсөтүштү. Үйгө эркек-аялдын жумушу деп ылгабай, айылдагы жумуштун баарын жасап, андан ашкан убактыбызга сабак даярдап, мектептин алдыңкы окуучулары бо-луп аяктадык. Китепти көп окуп чоңойдум. Күндүзү убакыт болбогондуктан таңкы саат төрттө туруп окуп, сабакка кетчүмүн. Кээде китепти алып, акырын жашынып үйдүн чатырына чыгып, же токойго кетип калчумун. Ошол жактан китепти бүтүп, көздөрүм шишип, анан келээр элем. Өжөрлүгүм, көк беттигим, убадага тактыгым, чыгармачылыгым, тапкычтыгым атамды тартса, ак көнүлдүгүм, кечиримдүүлүгүм, таарынчаактыгым апамды тарткан. Биз алты бир тууганбыз. Бала

кезибизде атам көп ооруп, курорт, оорукана деп шаарда көп жүрчү. Элде жокчулук эле ошол учурда. Баары кара жумуш менен тиричилик кылып, эгин-тегин айдап жан багышчу. Биз да абдан кыйналдык … Мен Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар” , Мукай Элебаевдин «Узак жол», К.Жантөшевдин «Каныбек» романын окуп, шүгүрчүлүк келтирип, азыр жыргал жашоодо жашайт турбайбызбы деп өзүмө дем, күч берчү элем. Апам сары майды бир сындырым нандын

үстүнө кичинекей кашык менен баарыбызга бирдей бөлүп салып берчү эле. Ал биздин кечки тамагыбыз болчу. Атам шаардан баргыча эжем экөөбүз апама тирек болуп, колубуздан келишинче жардам берип, эрте эле чоң адамдардын катарына кошулуп калдык.

– Анткен менен студенттик күндөр деген, жаштыктын бактылуу күндөрү да бар эмеспи?

–Жогорку окуу жайга тапшырып жатканда биздин үйдө шартыбыз анча жакшы эмес болучу. Анткени, бир жыл мурда эле эжемди окутканбыз. Атам менен чоң адамдай сүйлөшчү элем. Бир жолу уюбуз жоголуп кеткен жайлоодо. “Ошол уй табылса, бул жылы оку кызым, эгер уй табылбай калса бир жыл күтүп тур”, – деди атам. Мен макул болдум. Сыртымдан макул деп, ата-энемди, үйдөгү шартты түшүнгөнүм менен, ичим өрт эле. Уйду издеп жөнөдүм. Сиңдимди ээрчитип, кандай гана жерлерди кыдырбадык. Акырында жапайы жырткычтар бар делген бир кокту бар эле. Көпчүлүк ал жакка кире берчү эмес. Оозунан эле отун терип кайтчубуз. Ошол чоң коктунун башына дейре бардым. Адам баса албай турган мөңгүлөр, ар бир дөңсөнүн артында биздин уй тургансып, ар бир кырды ашсам эле максатыма жете тургансып бара бердим. Кудайдан тилегенимди айтпа. Бирок жок болуп чыкты. Кайра келе жатканда коркконумдан титирейм. Сиңдимди алдыма салып, сыр алдырбай кыңкылдап коем. Астымды карап баса албай, артымды карап басып келгем. Кийин атам таап келди ал уйду. Ошентип Ош МУнун филология факультетине тапшырдым.

– Студенттик күндөр эмнеси менен эсиңде калды?

– Студенттик күндөрдө да эртең менен окусам, түштөн кийин иштеп, өзүмдөн кийинки сиңдилеримди окутуп жүрдүм. Менде бош олтуруу деген түшүнүк жок болчу. Жасабаган жумушум деле калбады. Жадагалса, жумуштун уяты жок деп, кечки жетиден, таңкы жетиге чейин кытайлардын колунда желим тапочка чыгарып иштечүмүн. Бир күн уктабасаң анча билинбейт экен, күн сайын уйкудан калганда чарчап, тилдерим кадимкидей чулдуруктап калчу.

– Гүлайым, филология факультетине тапшырдым дебедиңби, теле журналистиканы өздөштүрүү кыйынга турган жокпу?

– Мен үчүн журналистиканын мектеби ЭЛТР болду. Ага чейин майда-чүйдө каналдарда тажрыйба топтоо үчүн эмгектенип жүрүп, бир күнү ЭлТРде кастинг болуп жатат экен деп угуп калдым. Журналист Каныбек Темиров үч турдан соң мени тандап алган. Текст жазганды, окуганды, маалымат издегенди, бат кыймылдаганды, айтор, устат катары көп нерсе үйрөттү. Бул кесиптин арты менен тарбияландым, тааныш таптым, дос күттүм, ак-караны айырмалаганды билдим. Чыдамкай, чечкиндүү, сабырдуу болууга үйрөндүм. Он жылдык тажрыйбамды алып карасам, кызыктуу күндөр абдан көп болуптур.

– Учурда «NewTV» теле каналында иштеп жатпайсыңбы, ар бир эле адамга жамааты, иштеген жери – экинчи үйү болуп калат…

– 1-Майда биздин телеканалдын иштей баштаганына бир жыл болду. Бул убакыт аралыгында биз көп телеканалдарды артка калтырдык десем жаңылышпайм. Бүгүнкү деңгээлге жетүү үчүн, биздин жамаат күн-түн дебей, кумурскадай эмгектендик. Мен бул каналдын «Таң маанай» бөлүмүн жетектеп, нөлдөн баштап бутуна тургузуу үчүн болгон күчүмдү жумшадым.

– Мындай ийгиликтин дагы кандай ачкычы, сыры бар?

– Бул ийгилик үчүн каналдын ынтымагы чоң мааниге ээ. Айрыкча, артыңда сени сатпаган, сени калкалап, көкүрөгүн тосуп коргоп алар, камкор, иштин көзүн билген мыкты жетекчи турганда гана иштегиң келет. Мындай жетекчинин кол алдында иштөө ар бир максаты бийик жаштардын кыялы болуу керек. Ошондуктан, мен сыймыктанам, чыныгы өз кесибинин адистери менен иштешкениме, жана бүгүнкү күндө ушул «Newtv» теле каналын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу максатында азыркы тапта дагы бир чоң жоопкерчиликти мойнума алуунун алдында турам.