Кулматов кызматынан бошотулуп, ордуна Оңолбеков келди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Кулматовдун ордуна Алмаз Оңолбеков келди. Ал Бажы тармагында 1993-жылдан бери иштеп келген.