«МЕНИН» АЙТМАТОВУМ (3-макала)

Ушунун бир үлбүл изи кайрылып эле Айтматов киносу аркылуу өттү. Айтматовдун чыгармаларын экрандаштырып жүргөн кийинки режиссерлордун бири – Бакыт Карагулов. Экөөбүз университетте бир окудук, студенттик кезден дос. Кийин Москвадан режиссерлук жогорку курсту окуп, чоң киного жолу түштү. «Кылым карыткан бир күн» романы боюнча Бакыт тарткан «Бороондуу бекет» фильмин Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн повесттери боюнча тартылган эң мыкты фильмдин бири – киноверсия деп жогору баалаган жайы бар. Фильм 1996-жылы Берлинде өткөн дүйнөлүк кинофестивалда «Алтын Камера» сыйлыгына татыган. Ушул  өлгөндү  да  күлдүргөн  куудул, бирок бир комедия тартпай олут кинодон түшпөй койгон Бакең бир курдай маа кайрылды. Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин уңгусунда «Кайрылып куштар келгиче» («Плач перелетных птиц») көркөм тасмасына киришээрин айтты. Киноповесть көп жеринде жаңы окуялуу, орус тилинде жазылган, кыргызча которуш керек экен, арийне, актёрлордун гана сөздөрү, ортодогу баяндын кереги жок. Ал кезде Чыңгыз Айтматовду которгон жалгыз Ашым Жакыпбеков. Башкага Чыкең ишенбейт. Бирок ошо тушта Ашыкең бейтаптап, кагаз карай албай турган чагы экен. Иш шашылыш, өндүрүш күтпөйт. Кыйгас маал. Мага ишенген Ба-кыт Чыңгыз Төрөкуловичтин аяк-быягына чыгып атып, акыры менин которушума ма-кулдатыптыр, тек, бир шарт менен – Ашыке баары бир көздөн бир сыдырсын.

Шашылыш ишке отурдум, Чыкең өзү ишеним артып атса…

Бирок иштей келгенде күтпөгөн кыйынчылык чыкты – актёрлордун гана диалогун, сөздөрүн которуп коём деш, чыныгы чыгармачылыктын табиятынан чыкканда мүмкүн эмес, болбогон кеп экен. Диалогдун табигыйлыгы (актёрлордун сөздөрү) алар жашап, аракеттенип жаткан турмуштук кырдаалдын табигыйлыгын калыптаганда гана ошого байланыштуу чыгат экен. Б.а. актёрлор атмосферага да жуурулуш үчүн, өз сөздөрүн да (диалог) өзүмдүк кылып бойлорунда эритиш үчүн да – текстти бүт которуу зарыл. А бул өз кезегинде эки маселени алдыга көлдөлөң таштайт:

а) киноповестке алынган адабий негиздин өзүн («Бетме-беттин» кыргызча жазылган эчаккы текстин) кинодраматур-гия мыйзамына ылайык кыскартып, тыкан, сыйымдуу, анан, эң башкысы, аны кыймыл-дуу агымында берүү керек;

б) киноповесттеги жаңы жазылган окуя, баян, диалогдорду Айтматов стилинде (албетте, киноэквиваленттүү) берүү керек. Кино өнөрү менен илгертен тааныш жа-на Айтматов стихиясын өзүндө алып жүргөн мага булар анча деле кыйынчылык туудурбады. Бир отурдум да, бирар күндө, бир демде которуп салдым. Анан бүткөн ишти Ашыкеге алып бардык. Ооруканада эле. Күн белгиледи, ошондо келгиле деди. Айтылган күнү бардык. Ашыкенин көңүлү жай, күлмүңдөй айтты: «Эми, баатыр, редактор болгондон кийин, ырым үчүн да калам учун бир тийгизип коюш керек. Бир сөзүңдү гана оңдодум, ал эч мааниге деле ээ эмес. Эми Чыкеңе айта бергиле, менден уруксат…»

Чыке Люксембургда эле. Фильм тарту-уга жол ачты. Айтса, фильмдин кыргызча аталышын да өзгөрттүк: «Кайрылып куштар келгиче» эмес, «Куш – Өмүр» деп атадык. Бир келген өмүрдүн кайрылгыс сапары Ысмайылгабы, башкагабы, бирдей, кайталангыс энчи экени фильмдин өзөгүн түзгөн эле. Чыкең – макул болду.

Фильм тартылып жаткан кезде, тыныгууларында, режиссер да айтты, кай бир актёрлорго өзүм да жолуктум, образга кириш үчүн которулган текст (көркөм чыгарма!) аларга абдан жакшы жардам бериптир. Ысмайылдын образын мыкты түзгөн Бусурман Одуракаев болсо кубанычын жашыра албай кучакташып көрүштү:

– Жакшы байке, жакшы, жакшы!..

Өйдөтө: «Айтматов стихиясында жүргөн мага» – дедим, ушуну атайын айттым. Биерде, өз тажрыйбамдан чыккан бир кеп бар – Айтматовду орусчадан кыргызчага которууга байланышкан.

Айтматовдун адепки чыгармалары эки тилде – кыргызча, кыйласы орусча жазылганы белгилүү. Чыкеңдин 50 ылдыгына карата башаттын башында турган кыргыз элдин өзүнө анын повесттерин кыргыз-чалап жеткирүү милдети турду. Ушул өтө жооптуу ишти Чыкең Ашыкеге ишенди. Дүйнө элин жеңип жаткан алп жазуучу, эгерде өз элин өзүнүн ширелүү тилинде ала албаса, анда өзгө элдеги султандыгы канча, баасы кантти?.. Чыкең үчүн да, кыргыз үчүн да бул тагдырлуу маселе эле. Кайриет, Ашыкең ошондо: «Карагул ботомду» Жайдар темир комузда какшатып кагып жатты» – дегендей эле, Чыкеңдин чыгармаларын кыргызча какшанып ырдап салды. Ашыкенин өмүрүнүн акыркы жылдарында экөөбүз кыйла ынак болуп кеттик. «Атаңгөрү, сенин «Теңирчилигиң» мурда жазылып, мен окуп калганымда, Манасты саал башкача жазмак экемин» – деп калчу. «Эчтеке эмес, эми буйурса «Семетейди» жаңыча жазам, ошондо өзүң редактор болосуң» – деп койчу. Айланып келип эле сөз Чыкеңе оойт, Ч.Айтматов «баарынын оозунда» – «дайым» эле. Ошондо айтып калчу: «Өзүм да таң калам, бу Чыкеңдин бир сыйкыры бар. Өз чыгармаларымды канчалык толгонуп жазып жатсам да чыкпаган сөздөр, Чыкеңе келгенде өзү эле эргип, төгүлүп кетет. Өзүмдүн чыгармаларыма түшпөгөндү Чыкең эрксиз тартып алат».

Элүү жылдык маараке күндөрүндөгү Чыкеңдин да сыналгыдан айткан бир сөзү алигүн жадымда жаңырып тур: «Шүгүрлүк, чыгармаларым көп тилдерге которулду, дүйнөгө тарады, киного түштү. Бирок мен үчүн эң кымбат китеп – мобул!» Ушинткен ал колуна алып, элүү жылдыгына жарык көргөн «Гүлсарат» китебин өтө толкунданып көргөздү. «Ак кеме», «Гүлсарат» башта-ган мурдагы орусча жазылган чыгармалары Ашыкең тарабынан керемет кыргызчаланган бул китеп чынында эле кыргыз рухий-маданий турмушундагы чоң окуя эле.

Сөзүбүз да, өзүбүз да кызып турган бир күндөрдө Ашыкеден тике сурадым:

– Чыке кыргызча котормонун алыжайы тууралуу атайын айттыбы?

– Жок, айтпай койду, – деди Ашыке, кыска.

Чынында,  «Ашыке  которгон  эмес, өзүнүн чыгармасын жазгандай жазган» — деп жүргөндөрдүн сөзүндө чындык бар. Балким, ушундандыр, Ашыкенин көзү өткөндөн кийин анын мураскорлору Чыкенин Ашыке катышкан чыгармаларына ал авторлош болуш керек эле дегендей да кыязда жүрүштү. Чынгыз чыгармаларын нукура кыргызчалап, аны баштагыдан да накта кыргыз жазуучусу  кылып  салган  Ашыкенин  эмгегине, сүрөткерлик чеберлигине баа жок! Бул талашсыз! Ошол эле кезде Ашыкенин «өзүмдүн чыгармаларыма чыкпаган нерсе Чыкеңе келгенде төгүлүп кетет» – дегенинде да бир аяр чындык бар – жай адам эмес кандим сынчылардын да капарына келе бербеген. Муну тикелей өз башынан өткөргөн жазуучу киши гана билет, сезет. Эмесе, өз жүрөгүмдөн өткөн бир окуя.

Жаш кезде мен да аздыр-көптүр аңгеме жаздым. Анда 50 жылдыктын дайыны жок, Ашыкең кыргызча Айтматовго кирише элек кез. Анан айтылган 50 жылдык да келди, Чыкеңдин өзүн тамылжытып кубандырган көлөмдүү «Гүлсарат» боз китеп да жарык көрдү. Окуганга шаштык. Ошондо мен айтып бергис бир кызык акыбалда болдум – бир жагынан ушунчалык кумарланып тамылжып да окудум, экинчи жагынан… тамылжуум да өчтү, Айтматов менен менин аңгемелерим терең стилдеш экен, т.а. Ашыкең которгон «Ак кеме», «Гүлсарат», «Делбирим» повесттери менен. Бир жа-гынан бул мени кубандырды – кантсе да чоң художник менен окшош ой жүгүртөт экенмин да; экинчи жагынан, саал өкүнттү – мен анын түптүз эле туурамчысына айланып калыптырмын. Бул окшоштук кайдан келгенине өзүм таң калдым, анткени, аңгемелерим жазылган тушта Айтматов али которула элек эле. Бул менин өзүмдүн эле жеке байкоом эмес, буга сырттан да бир жолу бышыктоо алдым. Көчөдөн бир күнү тааныш адабиятчы Мырзаян Төлөмүшевге жолугуп калдым.

– Ой, өткөндө бир кызык болдум, – дейт, – радиодон эле Айтматовдун кандайдыр бир чыгармасын берип атат, окуп аткан да өзү, бу кайсы мен билбеген жаңы чыгармасы болуп кетти деп кызыгып, аягына чейин уктум. Бүткөндөн кийин айтты, сенин аңгемең экен, өзүң окупсуң, тооба, үнүңөр да окшоп кетет…»

Радиодон «Чабарман» аталган аңгемем өзүмдүн окуумда уктурулган эле. Ошону айтып жатат. Ушул, дагы эки-үч аңгемемдин Айтматов стилине өтө жакындыгын, бая айттым, билип калгам. Мындай окшоштукка өзүм да таң калдым, учурунда акылым жеткен эмес, себебин кийин түшүндүм. Себеби – Айтматовдун дал өзүндө жатыптыр, анын кыпкыргызча ой жүгүртүүсүндө экен. Бул, айрыкча, Айтматовдун жаңыча жаза баштаган «Прощай Гүлсары» менен «Белый пароход» повесттеринен башталат. Эсимде, Айтматов ошол туштары гезит тили, канцеляр стили жазуучуга да билинбей жугуп, аны даттай баштайт, ушундан сак болуу керек дегендей ойлорун көп айтып калар эле. Сыягы, ушуну өзү башынан кечирип («Литературный Киргизстан» редактору, «Правда» кабарчысы), анан ошондон качып, элдик жандуу тил, стилге ыктап турган кези бейм.

Мен да ошол туштары адабий азуу байлап, Чыкеңдин ар бир жаңы чыгармасына өнтөлөй түшүп, башыма жаздап окуп жүргөн кезим. «Прощай Гүлсары» менен «Белый пароходду» ушинтип төнүп окудум. Көрсө, ошол кездери мен билинбей Айтматовдун ичинде эрип кеткен өңдөнөм. Мындан  да  так  айтканда,  Айтматовдун өзүндө зыл уюган кыргыз кыртыш менен – элетте өскөн, эртеги күндөн «Манасты», элдик жомокторду окуп чоңойгон, карыялардын санжыра кебин угуп канган табия-тым дирр табышып кеткен шекил. Маанай, ой жүгүртүү, стиль, кыргыз…

Көрсө, Айтматов тексти орус тилинде эле жазылып калганы болбосо, ичи кыргыз экен. Кыпкыргыз! Аңгемелеримдин эмне үчүн Айтматовго окшоп калганын ушинтип билдим, өз керт башым, өнө боюмда өзүм сездим. Дагы айтайын, Айтматовдун орусча жазылган чыгармаларынын өзөгүндө КЫР-ГЫЗ чөгүп жатат. Ой жүгүртүүсү, стили, атургай, орус тилине салынган кыргызсөз-эквиваленти! Бая Ашыкенин өз чыгармаларына чыкпай моюн толгоп койгон сөздөрдүн, сөз айкаштардын, ыргактардын уңгусу, кыскасы, стилдин булагы биринчи ирээтте Айтматовдун өзүндө экен! Чыкеңдин Ашыке аркылуу ээ-жаа бербей эгилип-агылып кыргызбулактап калган «ашымфеномендин» көзү ушунда жатыптыр.

Албетте, бул Ашыкенин баасын кемит-кендик эмес, эч! Тескерисинче, экөөнүн тең эгиздей калк кайнарында тургандыгы, тун-гандыгы. Эмесе, Ашыкеден кийин эмне үчүн Айтматов кыргызча шыңгыр сүйлөбөй калды. Кыргыз кайнары дымыды. Эмне үчүн? Себеби, соңку котормочулардын өзүнүн үнөмү боюнда албуут кыргыз стихиясы аз-кем, универсалы Айтматовду жандырууга жанары жетишпейт! Ашыкенин кудай берген жазуучулук кудурети, ойчул туюму, калк стилине каныктыгы, сөз зергерлиги, анан соңунда, табияты зыл балбандыгы – Айтматов айкөл дүйнөсүндө аны каалаган-дай эркин сүздүргөн. Ашым Жакыпбеков – Айтматов Чыңгыздын кыргыз таалайы!

Айтматов менен кинодогу соңку жолугушуум – дагы эле Бакыт Карагуловдун «Саманчынын жолу» повести боюнча тартылган кезектеги фильмде болду. «Кезектеги» болгону, «Саманчы жолун» алгач 60-жылдарда андагы жаш режиссер Г.Базаров дипломдук иш катары тартканын билебиз. Эми да «Саманчынын жолу». Сценарийин автор жана Марат Саруулу жазышкан. Повестке кайрадан кайрылуу неликтен, кай муктаждыктан туулду? Демек, авторлордун оюнча алгачкы экрандаштыруу камтый албай калган, не, жаңы мезгил талабында, повесть тереңинде али ойгонбой уктап жаткан жаңы идея, идеалды алып чыгуу мүмкүнчүлүгү туру… Баса, Базаровдун фильми тууралуу эки ооз сөз.

Фильмге мамилем тээ илгерки студенттик илигимде айтылган. Албетте, бүгүн башкача жазмакмын. Тек, белгилээрим – бүгүн мени режиссердун андагы согуш замандын реалийин, тарыхый атмосфераны таасын калыптаганы ыраазы кылат. Фильм бүгүнкү көрүүчүгө көркөм тасма эмес, документ-хрониканы көрүп жаткандай чынчыл таасир калтырат. «Документ» демекчи, кийинки жаңы фильмдин авторлору согуш замандын катаал – Жердик чындыгын повесттеги түбөлүктүү Асмандык чындык («Саманчынын жолу») менен айкашта ачып берүүнү максат кылган. Бул, айрыкча, сценарийдин алкагынан кыйла сыртка чыгып кетип, «өз чыгармасын» жараткан режиссердун жеке эркине байланышкан. Өз чыгармачыл максатынан улам режиссер фильм тартуу процессинде көп жаңы эпизоддорду киргизген.

Эми, алардын тексти жок, Айтматов аны жазган эмес (балким, жазмак да эмес, анткени, алар Айтматовдун «планында» жок, жаңы). Ошол жаңы эпизоддорго жаңы «айтматовдук» текстти жазуу зарылдыгы келип чыкты. Режиссер Айтматовго кайрылып, мурдагы «Куш – Өмүр» («Бетме-бет») фильмине катышып калган мени жаңы текстти жазууга андан макулдук алды. Ошентип, оңбогондой оор жумуш – мурда тартылып калган сюжетке, монтаждын кыл чебери Ракыя эженин колунан (эженин «катаал кайчысы» менен кино корифейлери Оке-ев, Базаров ж.б. аргасыз эсептешишкенин киночулар өзүлөрү айтышат) мусор кор-зинага ыргытылбай аман чыккан, монтажы ырдап калган күзгүдөй таза пленкаларга сценарийдин бүткүл контекстинен чыгып, хронометражга чактап «айтматовдук» текстти улап жазыш, кыйын, эң кыйын… Айтматов стилине жакындыгым, экран искус-ствосу менен эчактан тааныштыгым мында да абалдан чыгарды. Бирок иш автордун – Айтматовдун сынынан өтүшү керек эле. Айтматов дагы четте – өкүлдүк кызматында эле. Баш-аягы добушка салынып, композитор Мурат Бегалиевдин музыкасы менен шөкөттөлгөн фильмдин сынак-көчүрмөсү Люксембургга жөнөтүлдү. Мында да бая Ашыке  менен  болгон  окуя  кайталанды. Чыкең жаңы текстке кол тийгизбеди, «айтматовдук» кылып кабыл алды. Фильмге ак батасын берди. Булар биздин али эч жерде деле айтпаган Чыкеңдин чыгармачылыгы-на астейдил колкабыш, кадр сыртындагы иштерден…

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ, жазуучу-философ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *