Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Электр тарифин кымбаттатпайбыз»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


-Кыргызстан акыркы үч жылдан бери электр энергиясын экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Энергетикалык тармактан түшкөн каражаттар 31 млн. доллардан ашты. Ошону менен бирге эл аралык финансылык институттар берген кредиттердин үчтөн бир бөлүгү энергетикага жушмалууда. Аталган секторго жалпысынан 99, 7 млрд. сом тартылды. Бирок, ушул мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу колдонуп жатканыбызда элдин күмөнү бар. Анткени, жасап жаткан иштер күтүлгөн натыйжа бербей жатат. Мисалы, Бишкек ЖЭБинин жетекчилигинин шалаакылыгынан чыккан авария чоң резонанстуу окуяга айланды. Анын үстүнө энергетиктер “Бишкек ЖЭБинде көмүр жетиштүү, жабдуулар бүтүн оңдолду, кышка даярдык жакшы” дегенден кийин ушул окуя орун алды, — деп, энергетика тармагынын жетекчилеринин формалдуу отчет бергенин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн өткөн кыштан чыгышын жана 2018-2019-жылдардын кышкы мезгилине карата даярдык көрүү боюнча өткөрүлгөн жыйында сынга алды.

Анын айтуусунда, эгерде бардык көйгөйлөр ачык айтылып, андан жыйынтык чыгарылса шаардыктар беш күн суукта калбайт болчу. Акыркы жылдары энергетикалык тармакта ушуну менен төртүнчү жолу олуттуу авария болгон. Токтогул ГЭСинде эки, Бишкек  ЖЭБинде буга чейин дагы бир авария катталган. Алар өз убагында четтетилгендиктен эл жабыркаган эмес. Бишкек ЖЭБинин январь айындагы авариясы энергетика тармагындагы көптөн берки көйгөйлөрдүн бетин ачты. Тармак квалификациялуу адистерге муктаж экенин дагы көрсөттү. Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБине мыкты адистерди жана көп жылдык тажрыйбасы бар насаатчыларды тартуу зарылдыгын белгиледи.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясындагы жоготууларды кыскартуу боюнча өздөрүнө бөлүнгөн нормативдерди аткарбай жаткандыгын айтты. “Коомчулукта энергетикалык тармактагы коррупциялык иштер көп айтылып жаткан учурда электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү козгоо кыйын болуп турат. Бирок, көмүрдүн баасы кымбаттап, тариф ордунда калды. Инфляция өсүп жатат. Ошондуктан, тарифти ага карата жогорулатпасак болбойт”, — деди.

У.Рыскуловдун мындай билдирүүсүн Премьер-министр сынга алды. ”Адегенде энергетикалык тармактын  ачыктыгын  камсыз  кылып, коррупцияны кыскартып, элдин ишенимине ээ болмоюнча тарифти жогорулатуу тууралуу сөз кыла албайбыз”, — деди. Ал бир катар мамлекеттик органдарга энергетикалык тармакка алынган кредиттердин  кайтарылышын  талдап, карап чыгууну, анын жыйынтыгын Өкмөткө сунуштоону тапшырды. Учурда Кыргызстандын энергетика тамагына алынган карыздар  107  млрд.  сомду  түзгөн. Ушул жылдын экинчи кварталында  Президент  С.Жээнбековдун жетекчилиги астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүлөрү, анда бүтүндөй энергетика системасынын көйгөйлөрү көтөрүлөрү да Өкмөт жыйынында белгилүү болду.

Өкмөт башчы электр энергиясын экспорттоону мындан ары дагы көбөйтүү талабын койду. Андан тышкары, жарандарбыз жылдын бардык мезгилинде өз керектөөсүн канааттандыргандай  энергияны алууга жетишүү керек. Чакан мамлекет болсок да гидроэнергетика боюнча региондо лидер экенибизди далилдешибиз зарыл. Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон, Ат-Башы, Үч-Коргон, Күрп-Сай, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСте-рин реконструкциялоодон өткөрүп, Токтогул ГЭСинин жабдууларын жаңыртуу иши аякталса жалпысынан 2027-жылга карата кошумча 702 мегаватт кубаттуулук пайда болот. Андан тышкары, көмүр кендерин комплекстүү өздөштүрүп, өзүбүздүн көмүрдү пайдаланууну көбөйтүү милдети турат.

2018-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14, 5 млрд. кубометрди түзүп, өткөн жылдагыга салыштырганда 1,7 млрд. кубометрге арбын болду. Бул алдыдагы кышты көйгөйсүз өткөрүүгө түзүлгөн шарт. Бирок, андагы сууну натый-жалуу пайдалануу, жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу милдети турат.

“Энергетикалык  тармактын ачык-айкындуулугун камсыздабасак болбойт. Мындан ары кайдыгерликке, жеп-ичүүгө жол берген жетекчилер жумуштан кетет. Суук күчөгөнүн көрүп турушуп, Бишкек ЖЭБинин резервиндеги жабдууларды ишке ыкчам киргизишкен эмес. Авария болгон учурда аны ыкчам четтете турган машыгуулар алдын ала өткөрүлбөгөнү көрүнүп турат. Авариялык кырдаал учурунда өндүрүштүк кызматтарды борбордоштуруп, бирдиктүү башкарган жетекчи болгон эмес”, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Экологиялык жана техникалык кооп суздук мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Му ратбеков энергетикалык тармак-ты текшерүү мүм күнчү лүгү чектелүү болуп жаткандыгын айтып, ал тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө Өкмөттү ынандыра алды. Бишкек ЖЭБнин техникалык  абалын текшерүүгө толук мүмкүнчүлүк болгондо январь айындагы авариянын алдын алуу ыктымал болчу. “Энергетикалык сектор бизнес субъектиси эмес, алар мамлекеттик стратегиялык объекттер. Биз алардын кассасын текшерели деп жаткан жокпуз. Жабдуулардын кышка даярдыгы өз убагында көзөмөлгө алынып турушу керек”, — деп, өкмөт башчы колдоп берди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *