Жардыруучу зат. Жалган маалымат. Телефондогу “террорчулар”. Жараксыз мина. Мунун артында кимдер турат?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,  “Кыргыз Туусу”


БААУ, Bishkek Park, темир жол бекети: жардыруучу зат, жалган маалымат…

26-апрелде, 13.37де “102” кызматына Борбордук Азиядагы Америка университетине жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. УКМК жана ИИМ кызматтары кабар түшкөн жайга шашылыш барышып, Америка университетинин имаратын курчоого алышып, анда иштеген кызматкер-лерди жана студенттерди сыртка чыгарышып, имаратты жана анын айланасын текшерүүгө алышкан. Албетте, УКМК дароо телефондогу “террористти” издөөгө алган.  Тыкыр  текшерүүдөн  кийин (16.30) БААУдагы бомба тууралуу кабар жалган болуп чыккан.

БААУда “бомба коюлганы” тууралуу  жалган  маалыматтын  эртеси, 27-апрелде,  13-29да  “102”  кызматына борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан Bishkek Park соода жайына бомба коюлгандыгы боюнча маалымат түшүп, аталган жай УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, саперлор жардыргыч заттын бар-жоктугун издөөгө киришкен. Имарат жана ага жанаша аймактар текшерүүнүн жыйынтыгында кандайдыр бир шектүү буюмдар жана жардыруучу заттар табылган эмес. Соода жана оюн-зоок борбору мурдагы калыбында иштей баштаган.

“Бомба коюлганы” тууралуу кийинки кабар 29-апрелде, саат 19.30 чамасында “102” кызматына келип түшкөн. Бул жолу жардыруучу зат темир жол бекетине коюлганы кабарланган, УКМК жана ИИМдин тийиштүү кызматтарынын тыкыр текшерүүсүнүн натыйжасында бул маалымат тастыкталган эмес. УКМК адаттагыдай эле телефондогу “террорчуну” табуу максатында ыкчам-иликтөө иштерин баштагандыгын билдирген эле. Арийне, “террорчу” табылганы же табылбаганы азырынча белгисиз.

Жараксыз мина…

3-майда, кечки саат 20.00дө, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» нөөмөт бөлүмүнө «Ак-Кула» ат майданында шектүү зат табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, тийиштүү адистер бул шектүү буюм танкка каршы коюлуучу дат баскан, жардыруучу элементтери жок, жараксыз абалдагы мина экенин аныкташкан.

Телефондогу “террорчулар”… “Бомбабы” же “формабы”

«Телефондогу террорчулар» кимдер? Психологдордун айтымдарында, мындай кадамга кимдир бирөөдөн өч алгысы келгендер барышат. Ошондой эле аны психикалык оору менен да байланыштырышат. Айтор, бул айтылгандардын чындыгы бар сыяктуу. 2013-жылы “Бишкек Парк” соода борборунда бомба коюлуп, террордук акт пландалып жатканын айткан айым кармалган жана бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык, террордук акт тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин берген маалыматына караганда, ал аял бул аргасыз жана акылсыз кадамга “Бишкек Парктын” коопсуздук кызматында иштеген жолдошу айлыгын ала албай жаткандыктан, соода борборунун коопсуздук кызматынын жетекчилигине мына ушинтип таасир этүү максатында барган.

Мейли, ал бечара аялды түшүнсө болот дейли, аргасыздыктан улам ушул кадамга барган экен. Андай болсо, “бомба чуусу” менен байланышкан экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жосунсуз жоругун кандай түшүндүрсө болот? Себеби ал ошол кезде Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчи кызматында турбады беле! УКМК тарабынан «жаңы президент ант берген күнү президенттик кортеж өтчү жолго «бомба коюлду» деген жалган маалымат тараткан» деген айып тагылган экс-вице-премьер-министр өз кылыгын: «Чоң кыз, сизге форма жарашат экен» десем, ал болсо «бомба жарылат экен» деп угуп алыптыр. Болгону ошол” деп түшүндүрүп келет. Болуптур, экс-вице-премьер-министр айткандай, ага тагылган айып негизгиз экен дейли, анда анын жол боюнда кызматтык милдетин аткарып турган ИИМдин академиясынын курсантына айтылган “тамашасы” укуктук жагынан да, моралдык жагынан да туура эмес экенин айтпаса да түшүнүктүү чыгар. «Чоң кыз, сизге форма жарашат экен» деп аны тамашалагандай, ал кыз Зилалиевдин теңтушубу, же Зилалиев бойдок жигитпи, же көчөдө жүргөн бирөөбү? Ал муну менен мамлекеттик кызматтын жана мамлекеттик кызматкердин аброюна шек келтирип жатканын түшүнбөйбү же элдин баарын акмак ойлойбу.

Арийне,  Д.Зилалиев  “бомба  чуусуна” аралашкан алгачкы аттуу-баштуу кызматкер эмес. Кайсы бир жылы Кыргыз-орус экономикалык кеңешинин аткаруучу директору, Россиянын жараны Болот Дүйшалиев “Арзу” кафесине телефон чалып, анда жардыргыч зат орнотулганын кабарлап, кармалган. Ал атайын кызматка сурак берүү учурунда, анын бул жоругу мыйзам бузуу экендигин жана анүчүн жаза колдонула турганын да биле туруп, кафеге чалып, бомба коюлганы тууралуу кабарлаганын мойнуна алып, кыргызстандыктарды мындай кадамга барбоого, акмакчылык кылбоого чакырган.

Жалган маалыматтардын артында кимдер турат?

Ички иштер министрлигинин маалыматы  боюнча,  2018-жылдын 1-январынан бери өлкөдө телефон аркылуу “жардыруучу зат коюлду” деген жалган маалымат кабарланган беш окуя катталган. Ал эми “телефондогу террорчулук” күч алган учур 2011-жылга туура келет. Ошол жылы коомдук жайларга бомба коюлганы тууралуу сегиз факт боюнча жалган маалымат катталган. Эми минтип, быйыл 5 ай аралыгында беш факт катталып отурат.

Демек, жыл аягына чейин мындай жалган маалымат фактылары көбөйүшү ыктымал. Анткени андай болбойт дегенге эч кандай кепилдик жок. Ошол эле “Аккула” ат майданынан табылган мина да кооптуу жагдайды жаратпай койбойт. Ал жараксыз мина ат майданына кандайча барып калды? УКМК бул суроого жооп табышы керек. Мүмкүн, кайсы бир күчтөр өлкөнүн коопсуздугун солкулдаткысы келип жатып жүрбөсүн? Минтип айтууга негиз бар. Акыркы жарым жылда таңгалычтуу окуялар катталууда. Ош базарынын чыгыш-түндүк капталы эки жолу өрттөндү. Анын себептери иликтенип бүтө электе, “Берекет” базары толугу менен күйүп кетти. Жалал-Абаддагы базар өрттөндү.

Бул окуялар бири-бири менен канчалык байланышы бар экенин айтуу кыйын. Ошентсе да, мунун баары ЖКнын депутаттык комиссиясы ЖЭБдин реконструкциялоо долбоору менен байланышкан жагдайды иликтеп жаткан учурга туш келгени ойлонтпой койбойт. Анан калса диний экстремизм күч алууда.

Кандай жаза колдонулат?

Эриккендерге  жана  зериккендерге, анан да тамашакөйлөргө, курсант кыздарды  көргөндө  тили  кычышып  кеткендерге айтарыбыз, Кыргызстанда «бомба коюлду» деп жалган маалымат тараткандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси каралган. Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасагандар мыйзамга ылайык, айып пул төлөп, кара жумушка тартылышат же үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *