Улан ҮСӨЙН: «Жашообуз чет элдик донорлорго байланган»

Жакында Ысык-Көл облусунда жаш активист Улан Үсөйн жетектеген “Көчмөн Номад” коомдук фонду мигранттар үчүн USAIDдин «Адамдын укугу жана кадыр баркы» регионалдык долбоорунун алкагында Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУнун агенттиги тарабынан жардам алган мигранттар үчүн лагерь уюштурду. Лагерь жана аталган коомдук фонддун ишмердиги тууралуу Улан Үсөйн кеп салып берди.

– Кыргызстанда мигранттар үчүн лагерь өттү деп уктук. Эмне болгон лагерь?

– Бул «Көчмөн Номад» коомдук фонду-буздан дагы бир долбоор. Кара тизмеге түшүп, өз аймактарына кайтып, МОМдун жардамын алып, ишкерлике аттанып, курстарда окуп, жаңы жашоого кадам таштап жаткан мигранттар үчүн Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Алмалуу» этно айылында бир жумалык лагерь өттү. Бул лагерь жаңыча, эркин форматта өтүп, анын жүрүшүндө катышуучулар активдүүлүк, волонтерлук, психология жана эдвокаси боюнча билим алышты.

Иш чара ЮСАИДтин «Адамдын укуктары жана кадыр баркы» регионалдык долбоорунун алкагында, МОМдун колдоосу, «Көчмөн Номад» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

– Мындай окутууларга негизи муктаждык барбы?

– Албетте, мындай окууларга муктаждык абдан күч. Себеби, миграцияга кеткен адамдар бардык кыял максатын ошол барган өлкөсүнө байлашат. Ойлогон ою ишке ашпай кара тизмеге түшүп же башка себептер менен депортация болгон адамдар кайтып келип, жумуш жок депрессияга кабылышууда. Аларга мындай окуулар жаңы багыт, жаңы жол көргөзүп, дем, күч тартууламакчы.

–  Жасалган  иштерден  натыйжа  чыгат  деп  ишенесиңби?

– Албетте, лагердин натыйжасын көрүп кубандык. Ар бир иш максаттуу жасалса сөзсүз түрдө өзүнүн жакшы жыйынтыгын берет.

– Чет жактагы уюмдар каржылаган долбоор болсо эле, кооптонуу менен карагандар да жок эмес. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуң?

– Себеби элге жеткен тетири маалыматтарда. Азыр жашообуздун бардыгы чет элдик донорлордун колдоосу менен болуп жатат. Керек болсо таштанды челекке чейин чет жактан каржылоо алабыз. Кооптонуу менен карагандардын көбү терең маалыматы жок деп билем. Бирок, албетте, түз ойдо эмес уюмдар да көп. Биз дайым, БУУнун алдындагы агенттиктер менен иштешкендиктен эч нерседен коркпойбуз жана ар бир маалыматты ачык бере алабыз. Анткени БУУ дүйнө элинин уюму.