Аксы районунда 100гө жакын турак жайды сел каптады

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол, Райкомол, Кечүү, Тегене айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдорду жана 100гө жакын турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кош-Дөбө айыл аймагындагы Мундуз-Сай суусунан суу ашып, Атала айылында 20 турак үйдүн короолорун каптаган. №12 Жол тейлөө ишканасына (ЖТИ) караштуу ички чарбалык унаа жолду каптап кетүү коркунучу жаралган. КР ӨКМнин райондук ыкчам тобу  райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринен тактоо иштерин жүргүзүүдө.

 

Толуктай кетсек, 13-майдагы катуу жаандан улам Баткен облусундагы Лейлек районунун бир катар айылдарында сел жүрүп, көпүрө, жол, электр мамылары зыянга учурап, байланыш үзүлгөн. Мындан улам бул аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда да ондогон үйлөрдү сел каптады. Аталган райондордо селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *