Москва көчөсүнүн Ибраимовдон Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат

Бишкекте ондоо иштерине байланыштуу Москва көчөсүнүн бөлүгү жабык болот. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-майдан тарта Москва көчөсүнүн Ибраимовдон Абдрахманов (мурдагы Совет көчөсү) көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот. Бул тилкеде асфальтбетонду оңдоо, тротуарларды, жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 5-августуна чейин аяктоо пландалууда.

Бишкек мэриясы шаардыктарды жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.