Манасбек Арабаев кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Арабаев Манасбек Матаевич “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Манасбек Арабаевдин ысымы бир катар соттук иштерге киришкени тууралуу айтылып келген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *