18-майга карата аба ырайы

8-20-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 17-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,

Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25,

Нарын облусундатүнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,

Ысык-Көлоблусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градус болот.