«Бета Сторес 2» соода борборунун кызматкерлери тарабынан журналисттерге кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

16-майда «Апрель» каналы журналисттер мөөнөтү өтүп кеткен азыкты сатып алып, камерага тартып жатканда, гипермаркеттин күзөт кызматкерлери менен өздөрүн «соода борбордун ээлери» деп атаган түрк жарандары келип, кабарчы менен операторлорду жерге жыгып, камераларын күч менен тартып алган.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынын билдиргенине ылайык, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167 («Тоноо»), 234 («Бейбаштык») беренелери менен кылмыш иши козголду.

Маалыматка боюнча, милицияга телеканалдын оператору «Бета Сторес -2» соода борборунун кызматкерлери видеокамера жана флеш-картасын алып койгонун айтып, арыз жазган. Анын негизинде соода борбордун үч кызматкери убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Алардын бири түрк жараны.

Учурда иликтөө уланып жатат.