Султан Раевдин «Маң» драмасы эл аралык фестивалга барат

Драматург Султан Раевдин «Маң» драмасы Астана шаарында өтчү эл аралык «Самгау» театралдык фестивалына жолдомо алды. Бул тууралуу спектаклдин бет ачары болгон Нарын академиялык театрынан маалымдашты.

Астана шаарында өтүүчү эл аралык «Самгау» фестиваль 10-16-июнь күндөрү өтөт.

Эске салсак, аталган драма өткөн аптада Нарындагы Муратбек Рыскулов атындагы театрда биринчи ирет коюлган болчу.

«Маң» — Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» чыгармасынын негизинде жаралган татаал, философиялык-авангарддык чыгарма.