Аксыда сел көпүрөнү бузуп кетти

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Авлетим айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-майда Дейрес айылынын Талды-Булак участогунда Сазык суусунан келген суу бир турак үйдүн ичин, дагы бир турак үйдүн короосун каптаган.

Куру-Таш сайынан келген суу Дейрес — Талды-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымындагы 17 кожолук пайдаланып жүргөн бетон менен курулган көпүрөнү бузуп, агызып кеткен. Жол каттамы токтогон. Учурда убактылуу 500 метр аралыктан айланма жол менен жүрүп жатышат.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана айыл аймак башчысы барып, абалды жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүштү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *