Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү адам күнөөсүн моюнуна алды

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үч адамдын бири күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Анын айтымында, экинчи шектүү Россияда кармалган. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми үчүнчү шектүү адам Россиянын жараны болуп чыккан. Ал учурда издөөдө.

Окуяны анын эдеси Аида Салянованын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу «саясий негиз» бар болушу ыктымал экендиги айтылып жаткан. А бирок ИИМ кол салуу карактоо максатында жасалганын иликтөө көрсөтткөнүн маалымдады.

Белгилей кетсек, Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда  Көк-Жар конушундагы үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козголгон.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *