“Футбол сулуусу-2018” сынагын үч баланын энеси жеңип алды

“Футбол сулуу-2018” сынагы жыйынтыкталып, анда Нарис Оморова аттуу бийкеч жеңүүчү болду. Добуш берүү футбол федерациясынын расмий сайтында жүрүп, анда КРФФнын баракчасына катталган гана колдонуучулардын добушу эсептелген.

Нарис Оморова – 25 жашта. Калаадагы №70 мектепти алтын медаль менен аяктап, Шубин атындагы музыкалык окуу жайда билим алган. Андан кийин Кыргыз-орус славян университетинде «бухгалтердик эсеп» адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Учурда банкта эмгектенет.

3 баланын энеси.

Эске сала кетсек, ар кандай эл аралык турнирлерге өлкө атынан катыша турган сынакка 11 кыз катышкан.