Кадамжай районунунда сел жүрдү

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-майда болжол менен саат 15:30 чамасында Бүргөндү жана Кызыл-Коргон айылдарында нөшөрлөп жааган жаандан улам, коктулардан келген суулар турак жайлардын жер тилкелерин каптаган. Жерине саат 16:00дө КР ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тактоо иштерин жүргүзүүгө тартылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *