Кулматовдун кандай айыбы бар?

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго мурда козголгон кылмыш иш боюнча айып тагылгандыгы туурасында жергиликтүү басылмалар жазды.
Азырынча УКМК бул маселе боюнча толук кандуу комментарий бере элек.
«Мурда козголгон кылмыш иш боюнча иликтөө жүрүп жатат», — деп билдирди УКМК.
Мурда К.Кулматов УКМКга суракка чакырылган. Ал Бишкектин жаңы конушуна кытайлык TBEA компаниясы салган мектептин курулушундагы иштер боюнча суракка чакырылгандыгын билдирген.

Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде TBEA компаниясы тарабынан мектеп курулушу үчүн берген 2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпталууда.

Ошондой эле, Кулматовго байланыштуу “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилери менен сынактан тышкары келишим түзүп, Кытай компаниясы менен түздөн-түз жеке компаниянын эсебине 1 млн АКШ долларын которгону жана Калыс Ордодогу мектептин курулушу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом бөлүнгөнү туурасында да айтылууда.

Учурда жеке жалданма компаниясынын жетекчилеринин бири кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөө амалдары уланууда.