Соттук ишке кызын ээрчитип келген прокурор боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

19-майда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши каралып жаткан. Мамлекеттик айыптоочу соттук ишке катышып, катарындагы отургучта 6-7 жаштардагы кызы кошо отурган. Кийинчерээк кичинекей кыз отурган жеринде уктап калган. Бул тууралуу SUPER.KG порталы маалымдаган.

Көп өтпөй бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлө турганын Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Алманбет Абдраманов билдирди.

Соттук отурумдарга жашы 18ге чыга элек адамдын катышар-катышпасы жөнүндө соттук ишке төрагалык кылуучу судья гана айта алат. Ал эми мамлекеттик айыптоочунун жүрүм-туруму боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Иликтөөнүн жыйынтыгында кошумча маалымат беребиз”, — деп билдирген Абдраманов.