Кубадагы авиакырсыктан 110 адам каза болду

Гавананын аэропортундагы авиакырсыктан 110 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.
Дүйнөлүк басылмалардагы маалыматка караганда, учакта 113 адам, жана экипаждын мүчөлөрү болгон. Мерт кеткендердин ичинде 5 бала бар. Тирүү калгандардын абалы оор бойдон калууда. Учурда «кара ящик» табылды.
Жакында Гаванадан Ольгинге учкан Boeing-737 учагы асмандан жерге кулаган. Анын айынан Кубада аза күн жарыяланды.