2018-жылдын башынан бери Ош шаарында суицид боюнча 32 факты аныкталган

Ош шаарында үч күндүн ичинде 2 өспүрүм суицидке барган. Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, 15 жаштагы А. Кызы Т. үйүнүн босогосунда асынып алган. Шаардын 33 жаштагы Б.К. аттуу тургуну дагы өз жанын кыйган. Ал эми 29 жаштагы И.Д. көп көлөмдөгү дары ичип, өз жанын кыйганга аракет кылган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калганга жетишишкен.

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын башынан бери Ош шаарында суицид боюнча жалпысынан 32 факты аныкталса, алардын көпчүлүгү 14төн 35 жашка чейинки кыздар болгон.