Модин менен Маевскийди жоопко тартуу талабы коюлду (видео)

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңеште «Өнүгүү-Прогресс», «Республика — Ата-Журт» жана «Ата Мекен» фракцияларынын өкүлдөрү камактагы Өмүрбек Текебаевге жалаа жапкан Модин менен Маевскийди жоопко тартууну талабын коюшту.

Алексей Модин

Депутаттар Мирлан Бакиров, Наталья Никитенко, Мирлан Жээнчороев жана Жанар Акаевдер сотко жана Башкы прокуратурага кайрылып, Текебаевдин жактоочулары тизмектеп чыккан 5 жаңы жагдайга көңүл бурууга чакырды. Депутат Жээнчороев Текебаевге жалаа жаап, аны 1 млн. доллар алган деп айыптап жаткан эки чет өлкөлүк жаран Модин менен Маевский да жоопко тартылууга тийиш экенин айтуу менен “Модин менен Маевский Текебаевге 1 млн. доллар пара бергени анык болсо, аны эки бөлүп, өлкөгө мыйзамсыз жолдор менен алып киргени үчүн эмне үчүн жоопко тартылбайт? Текебаев коррупцияга айыпталып, түрмөдө жатса, анда эмне себептен Модин менен Маевский сыртта жүрөт? Алар да бул ишке катышы бар катары жоопко тартылууга тийиш болчу”, — деди.