30 жаштагы Лионель Месси бешинчи ирет «Алтын бутсыга» ээ болду

“Барселона” футбол клубунун оюнчусу Лионель Месси бешинчи ирет “Алтын бутсыга” ээ болду. Бул сезондо ал футбол дарбазасына 34 гол киргизип, 68 упайга ээ болгон. Ушуну менен аргентиналык спортчу бул сыйлыкка эң көп татыган тарыхтагы биринчи оюнчу болуп калды. Ал Британиянын “Ливерпуль” командасынын форварды Мухаммед Салахтан төрт гана упайга ашкан.