Т.Сариев муну убагында эмнеге айткан эмес?

“Премьер-министрликтен кетишиме парламенттин эмес, президенттин чечими негиз болгон…”-мындай пикирин мурунку өкмөт башчы Темир Сариев “Маралга” маек куруп жатып билдирди.

Сариевдин айтымында, анын өкмөт башчылыктан кетүүсүнө Балыкчы-Корумду жолунун айланасындагы чыр шылтоо гана болгон. Ал эми кызматтан кетирүү чечими ошол учурлагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кабыл алынган.

“Мен ошондо Алмазбек Атамбаевге кирип, “мен түшүнүм турам, эгер сапарым карыса арызымды жазып кете берейин, эки жолу КСДПнын атынан Өкмөт башчылыкка сунуштаганыңызга ырахмат” деп айткамын. Ал дагы менин Балыкчы-Корумду жолунда кымындай күнөөм жок экенин айтып, саясат ушундай деген”,-деп кошумчалаган Темир Сариев.

Ал белгилегендей, аны  президенттик шайлоого карата “бул катуу чыгып жатат, эл оозуна алынып кетти, эртең биздин кандидатка атаандаш болуп кетпесин” деген саясат менен кызматтан кетүүгө аргасыз кылышкан.

Булак: Марал радиосу