«Мегаком» боюнча да суроолор көп

Бүгүн, 22-майда, Жогорку Кеңештин транспорт, байланыштар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев  эл аралык кылмышкерлер «Альфа Телеком» («Мегаком») компаниясынан каражаттарды чыгарууга аракет кылышкандыгы тууралуу  билдирди.

Анын айтымында, «Мегакомго» кол салуудан майнап чыккан жок. «Эл аралык кылмышкерлер уюлдук компаниялардын эсебинен каражаттарды чыгаруу менен алектенишет экен. «Мегаком» боюнча кылмышты аягына чейин чыгара алышкан жок. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деди Түлөбердиев.

Буга чейин «Мегакомдон» 60 миллион сом уурдалганы боюнча жашыруун маалыматты алдык» деп Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов коомчулукка билдирген.