Эми жолдор паспорттоштурула баштайт

Кыргызстанда автоунаа жолдорун паспорттоштуруу киргизилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымат жыйынында билдирди.

Белгилүү болгондой, өткөн жылы көчмө лаборатория алынган, эми экинчиси топтолуп жакында Кыргызстанга келет. Министр ар бир лаборатория 260 миң доллар тураарын жана алар Россиядан сатылып алынаарын белгиледи.

Калиловдун айтуусунда, паспорттоштуруунун артыкчылыктары көп. Жолдорду оңдоодо аймакка баруунун кажети жок болот. Программа кайсы жерде оңдоп-түзөө, жаңылоо же капиталдык ремонт иштери керек экендигин билдирип турат.

Белгилей кетсек, өлкөнүн эл аралык, республикалык жана жергиликтүү жолдору  паспорттоштуруудан өтөт. Программа жолдорду эле эмес, жалпы комплексти камтыйт. Башкача айтканда белгилер, белги берүүчү мамылар, көпүрөлөр, аялдамалар ж.б.

Кыргызстанда бул программа алгачкы жолу колдонулат, мындай ыкма башка өлкөлөрдө мурдатадан эле колдонулуп келген.