«Кара тизмедеги» судья Воронцовага кимдер каршы?

Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин көрсөтүп жаткан, Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцовага каршы экендиктерин билдиришип Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Азиза Абдирасулова баштаган бир катар укук коргоочулар президентке кайрылышты.

Алардын айтуусунда, Жогорку сотко өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн соттордун арасында саясий чечимдерди чыгарган соттор да бар. Воронцованын ишине 2008-жылдан бери күбө болуп келе жаткандыгын айтышкан укук коргоочулар анын Бакиевдин учурунда эле саясий чечимдерди кабыл алып келгендигин, Апрель революциясынан кийин мындай соттор сот системасына келбейт деп ойлошкондугун, тилекке каршы ошол эле соттор кайрадан олтуруп алып, азыркы жана мурдагы бийликте өз каалаган ишин жасап жаткандыктарын белгилешет.

Эске салсак, адвокаттар жана жарандык активисттер паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген соттордун «кара тизмесин» түзүп жатышкандыктарын билдиришкен.

«Кара тизменин» башынан орун алган соттордун катарында Момуналиев, Токтомамбетов, Архарова, Келбекова, Абдуллаев, Оморова, Калыбаев, Толубаева, Ваджиева, Скрипкина, Бейсекеев, Кудайбергенов, Ильясова, Исакова, Пульманова, Асанбаева, Үмөталиева, Сатыбалдиева, Асанова, Баатыралиев, Мельникова, Жумагулов, Воронцова, Эрнис Айбек уулу, Алымкуловдордун аты аталган.

Бирок аттары аталган айрым соттор алардын ишине бир жактуу баа берип, каралоого эч кимдин акысы жок экенин айтып чыгышкан.