Жыл башынан бери 1580 жол кырсыгы катталган

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча республикада 1580 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (1684) 6,1%га аз. Каза болгондордун саны да 17%га кыскарып, 167 (202) адамды түзгөн, жаракат алгандардын саны 6,5%га азайган.

Мындай маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында белгилүү болду. Отурумда жолдордун авариялык абалы жана республикадагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынып жаткан маселелер талкууланды. Мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлгөн пландын алкагында 75 иш-чара ишке ашырылган, 41 иш-чара жарым-жартылай, 5 иш-чара ишке ашырылуу стадиясында, 29 иш-чара мөөнөтүнө аткарылган эмес.

Пландын аткарылбаган иш-чаралары боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мамлекеттик органдардын жетекчилерине кызматтык териштирүү жүргүзүп жана күнөөкөрлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартууну тапшырды. Комиссиянын өкүлдөрү тарабынан аварияны азайтууга багытталган өлкөдөгү жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча комплекстик чараларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы көрсөтүлдү.

Жаңыланган пландын 85 пункту ишке ашыруу алкагында 113 иш-чараны камтыйт. Жыйындын жыйынтыгы менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө комиссиянын өкүлдөрү менен биргеликте пландын долбоорун аягына чейин иштеп чыгып, ошондой эле жол коопсуздугу боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу суроосун карап чыгууну тапшырды.

А.АКИМБАЕВА