ЖАРЫЯЛАНГАНГА КАЙРЫЛАБЫЗ: Жерден жарака кетсе да, элден жарака кетпесин

Жылдын башында Президент С.Жээнбековдун 2018-жылды — региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаган Жарлыгы жөрөрлгөлүү окуя болгондугун, аймактарды өнүктүрүү Жарлыгын кезектеги саясый өнөктүк эмес, мыйзам ченемдүүлүк жана тарыхый зарылдык экени катары кабыл алышыбыз керектигин,  КР Өкмөтүнүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, шаардык-райондук мамлекеттик администрация жетекчилери: акимдердин жана мэрлердин, айыл округ башчыларынын өз ыйгарым милдеттерине ат үстүнөн мамиле жасаганынан улам аймактарды өнүктүрүүгө тиешелүү деңгээлде көңүл бөлүнбөй келаткандыгын, аймактарды өнүктүрүп, карапайым элдин жеңилин жерден, оорун колдон алуунун ордуна: «сенин маселеңди президент эмес, биз чечебиз, президентке кайрылсаң да, кайрылып бизге келесин» деп көзгө сөөмөй менен сайып көрсөткөн текебердиги тууралуу жазганбыз («Чырпык сынса, сынсын, чынар сынбасын! же сууга жетпеген кетментөбөлүктөр…суу талашкан валакыштыктар… мыйыгынан күлгөн атка минерлер…» “Кыргыз Туусу”, 26.01.2018-ж. №6)

Ал макалада Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Валакыш айылынын тургуну, 71 жаштагы карыя Абдуракманов Тилевалдынын жергиликтүү атка минерлерге болгон нааразылыгы айтылган. Валакыш айылынын тургуну Абдурахманов Тилевалды аксакалдын 789 чакырым жол басып, Бишкекке келгендеги суу талаш көйгөйү эч кандай татаалдыгы жок, чечиле турган маселе болчу. Убагында, же тагыраак айтканда, мындан 10-15 жыл мурда райондук мамлекеттик каттоо кызматынын өз ишине шалаа кылык менен мамиле жасаган эки кызматкеринин каталыктарын түзөп койсо эле, маселе так кесер чечилип калмак. Анүчүн чет өлкөлүк миллиондогон инвестициянын, чет элдик донорлордун да кереги жок экенин, болгону Кадамжай мамлекеттик администрациясы райондук мамкаттоо бөлүмүнө тиешелүү буйрук берсе, ашып кетсе, бир жуманын ичинде чечип койсо болорун да эскерткенбиз.

Ошол макала жарыялангандан бери эмне өзгөрдү? Анда башынан айталы. КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги 2018-жылдын 16-февралында 29-февралда “Кыргыз Туусуна” жарыяланган “Аймактар: Чырпык сынса, сынсын, чынар сынбасын! же сууга жетпеген кетментөбөлүктөр… суу талашкан валакыштыктар… мыйыгынан күлгөн атка минерлер…” аттуу макалада айтылган маселени карап чыккандыгын, аталган маселени чечүү максатында тактоо иштери жүргүзүлүп, Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн маалымат алынганын, ал маалыматта Үч-Коргон айылдык кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын кезексиз V сессиясы өткөрүлүп, Валакыш айылынын башчысына Үч-Коргон СПА жетекчилиги менен суу маселесин көзөмөлдөө жана айылдын ынтымагын сактап калуу тапшырмасы берилип, айылдык кеңештин чечими чыккандыгы тууралуу кыска жана нуска жооп берген.

Арийне, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жообуна чейин 2018-жылдын 8-февралында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн, 12-февралда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынан гезитке жарыяланган макалага карата жооп каттар келген. Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн келген катта Валакыш суу башындагы айыл экендиги, Үч-Коргон айылынын башка айылдарына Валакыш айылы аркылуу суу кетери, Т.Абдуракмановдун арызына байланышкан маселе акыркы жолу Үч-Коргон айылдык кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын кезексиз V сессиясы КР Акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Х.Айкыновдун жана арыз ээсинин катышуусу менен каралгандыгы айтылган. Катка сессиянын чечими, Валакыш айылынын тургундарынын арызы, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин 2018-жылдын 8-февралдагы актысы тиркелип келген болчу. Үч-Коргон айылдык кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын кезексиз V сессиясынын чечиминде “Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Валакыш айылынын тургуну Т.Абдурахмановдун жогорку органдарга сугат суу маселесин чечип берүү жөнүндөгү арызы боюнча айыл башчысы Н.Саматов жана Үч-Коргон СПАнын жетекчилиги менен биргеликте 20 (жыйырма) күндүк мөөнөттө сугат суу графигин уюштуруп көзөмөлдөө жагы тапшырылсын; чечимди аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн” делет.

Кадамжай райондук мамлекеттик адми нистра циясынын орун басары А.Жакбаровдун колу менен катта: “Кыргыз Туусуна” жарыяланган “Аймактар: Чырпык сынса, сынсын, чынар сынбасын! же сууга жетпеген кетментөбөлүктөр… суу талашкан валакыштыктар… мыйыгынан күлгөн атка минерлер…” макаласында айтылган маселе боюнча 2018-жылдын 8-февраль күнү райондук жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматтары, Валакыш айылынын тургундары жана арыздануучу Т.Абдурахмановдун катышуусу менен Валакыш айылында сугат суунун жетишсиздиги тууралуу сөз болгону, айылда сугат суусу боюнча эч кандай талаш жоктугу, демек сугат суусун талаштан улам эл арасындагы ынтымак-ыркка доо кетпегени кабарланган.

Не дейбиз, Кадамжай районунун акиминин орун басары айткандай, ылайым эле Валакыш айылынын элине Жараткан ынтымак берсин, эл арасынан ынтымак-ырк кетпесин. Жогоруда айтып кеткенибиздей, биерде маселе эң жөнөкөй эле. Валакыш айылы суу башы болуп, суу кенен экендиги да ырас, аны арыз-муңун айтып редакцияга кайрылган Т.Абдурахманов деле танбайт. Болгону ошол шаркырап агып жаткан суу айылдын этегине келгенче, ар жерден бурулуп, жасалма (“кыргызча орусча айтсаң, бат түшүнөт” демекчи, искусственный) тартыштык жаралат. Буга Валакыш айылындагы айрым үйлөрдүн жана короо-жайлардын кызыл чектен чыгып кеткени, кийин курулган курулуштар айылдын этегине суу кетчү арыкты бөгөп калганы жана мына ушул мыйзамсыз, кызыл чектен өтүп кеткен курулуштар курулган жер аянттарын Кадамжай райондук мамкаттоо кызматынын эки кызматкери мыйзамдаштырып салганы себеп болгон. Эми ошол мыйзамсыздыкты канткенде ордуна келтиребиз деп баш оору жаралып отурат. Маселенин төркүнү ушул эле. Валакышта суу тартыш эмес, кенен, бирок ошол кенен сууну үнөмдүү жана максаттуу пайдалануу үчүн райондук мамкаттоонун мындан 10-15 жыл мурда жасаган мыйзамсыз иштерин мыйзамдуу жолго салуу керек. Болгону эле ошол. КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинен, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынан, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн жооп каттар келгенден бери чапчаң төрт ай өттү. Бул аралыкта Валакыш айылынын тургуну Т.Абдурахманов Бишкекке эки ирет келип кетти.

Валакыш айылындагы суу маселеси ошол айыл эли өзү чече турган маселе. Аны Бишкектен барып эч ким чечип бербейт жана анын зарылдыгы жок. Болгону ийри отуруп, түз кеңешип, бири-бирин күнөөлөбөй, өз ара түшүнүшүп чечип алууга айыл элинин эрки да, акылмандыгы да жетет деп ойлойбуз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”