Данияр ЖОЛДОШБЕКОВ, сүрөтчү: «Сүрөтчүлөр алкаш, бул кесип менен жан багуу кыйын деген жөн эле стереотип»

Учурда сүрөт тартуу искусствосу да жаңы технологияларды колдонуп, санариптешүүгө өтүүдө. Биз заманбап сүрөтчү деген кандай адам экенин билүү үчүн сүрөтчү Данияр Жолдошбековго суроо бердик.

– Ары кы зыктуу, ары түйшүктүү бул кесипти кантип тандап алдың?

– Кичинекей кезимден сүрөт тартам,бирок сүрөтчү болоюн деген ой такыр жок болчу. Анткен менен бул өнөрдү абдан жакшы көрчүмүн. Мектепте да баары мени сүрөтчү катары билишчү. Ар кандай сынактардан байгелүү орундарды алчумун. 7-класста окуп жүргөндө Дүйшөн деген агайым сүрөтчүлүккө окуумду сунуштап калды. Бул мен үчүн айылдан кетүүгө мүмкүндүк болчу. Дароо эле макул болдум. Ошентип, Ысык-Көл облусундагы сүрөт мектеп интернатында окуп калдым. Аны бүткөрүп, Бишкекке келип колледжге тапшырдым, бирок көөдөндөгү көксөөм болбогондуктан, ал жак эмнегедир көңүлүмө төп келбей, окууну эптеп-септеп эле бүтүрдүм. Кийин ЖОЖго тапшырдым. Ал жактан окутуу да ойдогудай болбой, эки эле ай окуп айылга кетип калдым. Сүрөт тартуу көөдөнүмдү өйүп, кое бербей туруп алды. Ошондуктан өзүмдүн сүрөтчүлүк өнөрүмдү өркүндөтүүнү туура таап, сүрөт академиясына тапшырдым. 2015-жылы аны ийгиликтүү аяктадым. Дипломдук ишим боюнча “Үркүн” темасын тандап алгам. Учурда ал сүрөтүм интернетте тарап, белгилүү болуп калды.

Чындыгында сүрөтчүлүк абдан оор кесип, чыдап, сынбай эң башкысы аны сүйүп, жан дилиң менен берилиш керек. Болбосо, сүрөтчү боло албайсың.

– Чыгармачыл адамдын жандүйнөсү башкача деп коюшат. Сенин дүйнөңдү кандай деп элестетсек болот?

– Чынын айтсам билбейт экенмин. Сүрөтчүлүккө тиешеси жок досторум “башкача эле болосунар” деп айтып калышат. А бирок “башкача болгондо кандай” экенин тактап сурап көрбөптүрмүн. Негизинен эле чыгармачыл адам көп ойлонуп, ичинде болгон нерсесин чыгармачылыгы аркылуу көрсөткүсү келсе керек. Ошондуктан өзүм тууралуу айтуу оор.

– Ар бир сүрөтчүнүн стили бар. Сен кайсы стилди көбүнчө карманасың?

–Азыр реалдуулук стили гана эмес, башкалары менен да эксперимент кылганга аракет кылып жатам, бир стилге байлангым келбейт. Балким, келечекте изденүүлөрдөн кийин өзүмдүн стилимди иштеп чыгып карманып калуум ыктымал. Учурда портрет, пейзаж, жаныбарлар, композиция, шарж, комикс тартам. Айрым сүрөтчүлөрдөн айырмаланып, бардык багытта тартууга аракет кылып келем. Сүрөтчүлүк өнөрдө деле заманга ылайык өсүп, өнөрдү багып туруу зарыл. Заман талабына ылайык, боек менен чектелбестен, компьютер менен иштеп, технологияларды өздөштүрүү зарылдыгы чыгууда. Ошондуктан салттуу живопистен тышкары, санарипте да иштейм. Бир жылдан бери “3Д” менен алектенип, өздөштүрүүдөмүн.

– Эң таанымал сүрөтүң кайсы жана аны кантип тартып калдың эле?

– Жогоруда айтып өткөн “Үркүн” темасына арналган сүрөтүм. Анын идеясы 2-курста окуп жүргөнүмдө келген. Ал үчүн дипломдук ишимди “5” деген баага тапшырдым. Кийин аталган сүрөттү гезит, журнал, медиа-ресурстар колдонуп жүрүшөт. Учурда тапшырыктар менен иштеп жаткандыгыма байланыштуу чыгармачылык кылууга убакыт болбой жатат.

– “Манастын” комиксин тартканыңдан кабардар болдук эле. Манас дүйнөсүнө баш багыш оор болгон жокпу?

– “Семетейдин” комиксин 6 ай бою тарттым. Качан жарык көрөт, билбейм. Чынында Манас темасы аябай оор экен. Ал темага киришиш үчүн персонаждар менен таанышуу максатында алар тууралуу окуп, эки ай изденип, даярданып жүрдүм. Буюрса, жакшы тартылып бүтүп калды, эми чыгарылат болуш керек. Негизи учурунда “Семетейди” тартып болгон соң, “Манасты” да комикс кылабыз деген план бар болчу. Азыр айрым бир жагдайлардан улам, бул долбоор токтоп турат.

– Балдар үчүн дагы комикс тартуу планың барбы?

– Комикс тартуу боюнча сунуштар түшүп жатат. А бирок макул боло элекмин. Убакыт жок болуп калып жатат. Анын үстүнө бизде комикс көп окулбайт. Кээ бирлер комикс эмне экенин билишпейт дагы экен. Аны тартып, таратуу үчүн жакшы жарнама, анан чоң демөөрчү керек. Башкача айтканда көп акча талап кылуучу нерсе. Балким келечекте студия ачып, кыргыз баатырлары тууралуу комикс тартып калышыбыз ыктымал.

– Сынактарга катышып жүрөсүңбү?

– Сынактарга, атүгүл, көргөзмөлөргө да катыша элекмин. Жогоруда айтып кеткенимдей, күнүмдүк турмуш менен алек болуп, чыгармачылыкка убакыт жок болуп жатат. Ал эми сүрөтчүнү сүрөтчү кылган анын чыгармасы да. Буюрса, идеяларымды кагазга чиймелеп коюп жатам, аларды учуру келгенде ишке ашырам деп жүрөм.

– Сүрөт тартуу менен жан бакса болобу?

– Көптөр сүрөтчүлүк менен акча таап, жан бакса болбойт деп ойлошот экен. А чынында баары адамдын өзүнөн эле көз каранды. Бардык эле кесипте “иштесең – тиштейсиң” да. Ал эми жата берсең, жан багыш оор болуп калат. Сүрөтчүлүк деле ошондой. Кыймылдасаң, сөзсүз анын жемишин татасың. Чет жактарга деле чыгып иштеп кетүү мүмкүндүгү бар. Болгону жалкоолук кылбаш керек. Анын үстүнө кесибин жакшы билген сүрөтчү көчөдө калбайт деп ишендире алам. Ал эми коомчулукта “сүрөтчүлөр алкаш, бул кесип менен жан багуу кыйын” деген жөн эле стереотип.

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу,

“Кыргыз Туусу