Эстелик курууга жети миллион бар, жери жок

Туу жыгар Бишкек баяны

Бишкектин шаар макамына ээ болгондугуна быйыл 140 жыл толду. Бирок, туристтер түгүл шаардыктар дагы Бишкек баатыр деген ким болгонун жакшы биле беришпейт. 1,2 млн. окуучусу бар Кыргызстандын мектептеринде, андан тышкары жогорку окуу жайларында Бишкек Кенен уулу тууралуу эки абзацка жетпеген чакан маалымат берүү менен чектелип окутулуп келүүдө. Кыргызстан 1991-жылы ээ болгон эгемендүүлүктүн шарданы менен борбор калаага Бишкектин аты кайтарылып берилгенден бери баатырдын эстелиги орнотула элек.

Мындан беш жыл мурда Сокулук районунун аймагындагы Бишкектин урпактары демилге көтөрүшүп, фонд түзүшүп, эстелигин орнотуу үчүн өткөрүлгөн марафондон 7 млн. сом чогултулуп коюлган. Түрдүү себептер менен эстеликти орнотууга ылайыктуу жер бөлүнбөгөндүктөн, борбордун шаар макамына ээ болгон 140 жылдыгы Бишкек баатырдын эстелигисиз өттү. Жакында Улуттук илимдер академиясында белгилүү тарыхчылар, Бишкектин тикелей урпактары катышкан илимий конференцияда ушул көйгөй көтөрүлдү. Тарых илимдеринин доктору, УИАнын корреспондентмүчөсү Өскөн Осмоновдун Бишкек баатыр тууралуу тарыхый очеркинде: “ХVII кылымда калмактар Жунгар хандыгына биригип, кыргыз, казактын жерлерин басып алып турганда калмактар арка кыргыздарды түштүктү карай сүргөн. Ошондо кыргыздын сарбагыш, солто уруулары бүт бойдон өз ата конушу Чүй, Ысык-Көл, Теңир-Тоону таштап, Ташкөмүр, Аксы, Ала-Бука, Анжиян менен Наманганга чейин жайгашкан. Аталган эки уруунун бийлери Тынай менен Талкан Ала-Букадагы Сафит-Булан (Ак чач кыз) мазарынын айланасын жердеген. Кенендин аялы Кубул сабадагы кымызын бишкек менен бышып жатканда толгоосу келип, уул төрөйт. Ошондон улам болжол менен 1702-жылы туулган ымыркайга Бишкек деген ысым ыйгарылган”, – деп айтылат.

Бишкек түштүк жергесин калмак баскынчыларынан коргоодо эбегейсиз эрдиктерди көргөзгөнү санжыраларда айтылып, бир катар тарыхый булактарда жазылып калган. Айрыкча, 1733-жылы кыргыз, казактын колу биригип, Балкаш көлүндөгү жунгарлар менен болгон катуу салгылашта Бишкек баатыр калмактын кол башчысынын жанындагытуу кармап турган жоокердин башын кыя чаап, душмандын туусун жыгат. Ошондон баштап, эл ага “Туу жыгар Бишкек” деген алкоо ысымын ыйгарган.

Улуу Жибек жолуна кербен сарай курган

Айрым уруулар кайрадан түндүккө көчүп келе баштаганда Бишкек баатыр алтымыш жашты таяп калган кези болгон. Ал беш уулу менен борбор калаабыздын азыркы эски автовокзалынын аймагын ээлейт. Түштүк жергесинен сооданы, устачылыкты, дыйканчылыкты үйрөнүп келгендиктен бул жерде устакана уюштурган, талаачылык менен алектенген. Улуу Жибек жолунун боюна кербендер токтоп эс алуучу жай куруптур. Ылайдан сокмо там, короо сарайларды салган. Көчмөн элдин отурукташа баштоосуна үлгү болуп, ага өбөлгө түзгөн. Бишкек баатырдын көзү өткөндөн кийин мурдагы “Ысык-Көл” кинотеатрынын жанында күмбөзү орнотулган болчу. 1957-жылы Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин чечими менен Бишкек баатырдын күмбөзү талкаланып жок кылынган. Филология илимдеринин доктору, белгилүү публицист Кубан Мамбеталиевдин Бишкек баатыр тууралуу очеркинде жогорудагы маселеге мындайча жооп берилет: “1825-жылы Сары-Өзөндү кокондуктар ээлегенде, алар көзү өткөн Бишкектин атын өзгөртпөй “Бишкек чеби” деп аташкан. Андан кийин бул жер орустарга өткөн. Ошол жылдары чептин тегерегинде турак-жайлар курулуп, калың эл жашап калганда алар да жердин атын өчүрбөй “Пишпек” деп аташып, 1878-жылы шаар макамын беришкен. “Пишпек” деген сөз орус тилинин фонетикасына ылайык айтылган кыргыздын эле “Бишкеги”. Ал эми 1925-жылдын 13-декабрында советтик аскер башчысы, революционер жердешибиз Михаил Фрунзенин ысымы ыйгарылган. Ошондон 66 жыл бою Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейин борбор калаабыз Фрунзенин ысымында жүргөн. Кыргызстандын борбору тарыхый баатыр Бишкектин ысымын алып келе жатканы тактоону талап кылбаган факт. Анткени, азыркы учурда Сокулукта анын бир чоң айыл аймагына туура келген урпактары жашап жатат.

Эмки кадам Бишкек мэриясында

Бишкек баатырдын айланасындагы талаш-тартыш бүгүнкү күнү токтоп калган жок. УИАда өткөн илимий конференцияда “Бишкек баатырды “Туу жыгар” кылып көрсөтүү жасалмалуулук болуп калган. Аны жоокер кылып даңктабасаң да Чүйдө кербен-сарай куруп, устачылык, дыйканчылык кылганы деле көчмөн элдин отурукташып өнүгүүсүнө түрткү болуп жатпайбы” деген пикир да чыгып, талкууну күчөтүп жиберди.

Албетте, талаштан тактык жаралат дечи. Ар ким өзүнүн чындыгын айтуусуна эч ким чек койбойт. “Бирок, бирөөлөрдүн Бишкек тарыхый киши эмес, ал эмгек куралынан улам ушундай аталып калган деп айтканынын кесепетинен баатырдын эстелигин борборго орнотууга тоскоолдук жаралып жатат, – дейт, техникалык илимдердин доктору, академик Карыпбек Алымкулов. – “Бишкекбашкыархитектурадан” Бишкек баатырдын эстелигин орнотуу үчүн жер бөлүп берүү маселеси боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Жакында ошол жумушчу топ шаардын борбордук бөлүгүнөн эстеликке жер бөлүү боюнча чечим чыгарды. Азыр ал чечим Бишкек мэриясына жиберилгени жатат. Ысык-Көл кинотеатрынын жанында Бишкек баатырдын сонун күмбөзү бар болчу. Малабаев деген тарыхчынын “Кыргызстандын борбору” деген китебинде Б.Смирнов аттуу этнограф Бишкектин күмбөзүнүн сүрөтүн түшүргөн. Бишкек баатырга арналган көп илимий конференциялар өткөрүлдү. 2011-жылдын 30-июлунда баатырдын урпактары жердеген Сокулук районунун Түз айылында өткөн илимий конференцияда тарыхчылар Бишкек баатырдын тарыхый инсан экенин тастыктап айтып беришкен. Ал эми 2010-жылы Таш-Көмүр шаарындагы Базыл баатырдын 310 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө жедигер уруусунан чыккан Базыл баатыр Бишкектин таякеси экени такталган болчу. Базыл Кудакенин Атаяр деген уулунун баласы, ал эми Бишкектин энеси Кубул Кудакенин кызы экен. Ошол конференцияда абалкы таяке-жээндер табышып, илимий конференция тарыхый окуяга айланып кеткен. Айрым тарыхчылар архивдик материалдар жок деп жатышат. А чынында 1700-жылдар боюнча кыргыздын тарыхына байланышкан материалдар арбын. Ошентип, беш жыл мурда чогултулган каражаттын бир сому коробой, Бишкек баатырдын эстелигин орнотууга жер бөлүнүп берилишин гана күтүп жатат.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,

“Кыргыз Туусу”