Алысты жакындаткан жолдор. Кысыр талааларда кызыган эмгек. Түнкү шамдар…

Апрель айынын аягында туз насип буйруп, Талас районунун Көпүрө-Базар айылына, андан ары Талас шаарына чейин барып кайттым. Бишкектен Талас шаарына чейинки 300 чакырым жолдогу көзгө урунган алгачкы көрүнүштөр: көп жылдан бери айдалбай, кысыр калган талаалар айдалып, акыркы 30 жылдан бери күйбөгөн түнкү шам чырактардын күйүп турганы мен үчүн аябай жагымдуу болгонун жашыргым келбейт. Бул жагымдуу көрүнүштөр элет элинин турмушу оңолуп, элет жери өнүгүүгө багыт алганынан, жамандыкты амандык жеңгенинен, оор жылдар артта калганынан кабар берет деген ойдомун.

Бишкек – Өтмөк жолу: барга – каниет, жокко – топук…

Мындан 30-40 жыл мурда андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарынан айылга, Талас районунун Көпүрө-Базар айылына баруу үчүн, Казакстандын андагы Жамбыл, азыркы Тараз шаары аркылуу (азыркы тил менен айтканда кошуна мамлекеттин территориясы аркылуу) Талас шаарына чейин 400 чакырым жол жүрүп, “Икарус” менен 8-9 саатта, ЛАЗ менен кенен он саатта жетчүбүз. Азыр Бишкектен айылга Бишкек-Өтмөк-Талас автожолу аркылуу каттайбыз, айылга жол эки эсе кыскарды – 235-240 чакырым аралыгындагы жол. Мурдагыдай “ат” которбойбуз, “Икаруска” да, ЛАЗга да түшпөйбүз, жеңил машина айдаган жаш жигиттер шаардан айылга 4-5 саатта шашпай жеткирип коет.

Өткөндү эстей отурсаң, оголе көп нерсе өзгөргөн экен. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган 28 жыл аралыгында билинбеген менен өлкө турмушунда, адам турмушунда мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болуптур. Жолду эле алалы. Кийинки балдарга “Азыр Бишкектен айылга 4-5 саатта жетип калдык, биз бала кезде Таластан айылга (аралыгы 75 чакырым) 2,5-3 саатта чаң жутуп араң жетчүбүз” десең, көп ишене беришпейт. Канчалык кыйынчылыктарга карабай, Бишкек-Ош жолу курулуп, Бишкек-Өтмөк-Талас жолу түшүп калганына шүгүрчүлүк дейсиң. Бирок, барга каниет, жокко топук кылган менен, төшөлгөнүнө алды 15-20 жыл, арты 5-10 жыл болгон Бишкек – Ош, Бишкек – Өтмөк жолу четинен кетилип, оюлуп, тамтыгы кетип баратканын ошол өсүп келаткан жаш муунга кантип түшүндүрөр экенбиз.

Элет тагдыры – эл тагдыры…

Өтмөк ашуусунан Талас өрөөнүнө түшө калышта Искендер Осмонкулов атындагы Талды-Булак айыл аймагы орун алган. Бул айыл союз убагында Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй союзга белгилүү чарбалардын (совхоз) бири болуп, 113-жылкы заводу аталчу. Союзга атагы чыккан күлүктөр ушул совхоздо өстүрүлчү. Талды-Булак айыл аймагына ысымы берилген Искендер Осмонкулов Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына ээ болгон республикадагы алдыңкы чабандардын бири эле. Кийин союз ыдыраганда, Талды-Булак айылы да башынан кыйынчылыктарды кечирип, биздин айылга кеткен жолдун күн чыгышындагы, союз убагында иштетилген айдоо талаалары иштетилбей, дың болуп жатчу. Быйыл апрелдин жыйырмаларынан кийин өтүп баратып, мына ошол көп жылдар кысыр жаткан талааларга соконун тиши тийип, айдалганын көрүп, толкундоо сезими пайда болду. “Буюрса, элдин жашоо-тирилиги оңолуп, дың жерге айланып бараткан талааларды иштеткенге каражаттары арта баштаган экен” деген жагымдуу ойду, Талды-Булак айылынан өтүп, Рысбек Айдаралиев атындгы Көпүрө-Базар айылына өтө бергендеги, Кетик белинин түндүгүндөгү дыңы бузулуп, айдалган кайракы дөңсөөлөр бекемдегендей болду. Тээ союз убагында, “Каракол” колхозу күркүрөп турганда иштетилген бу кайракы айдалган дөңсөөлөргө акыркы 30 жылда соконун тиши тие элек эле.

Амансыңбы, айылым?

Рысбек Айдаралиев атындагы Көпүрө-Базар айыл аймагында союз убагында Эмгек Кызыл Туу ордендүү “Каракол” колхозу болор эле. Өткөн кылымдын 60-жылдарында бул чөлкөмдөгү 9-10 майда колхоз ирилештирип, ал иштин башында өз убагында союзга таанымал болгон башкарма Рысбек Айдаралиев турган. Анын тушунда “Каракол” колхозунун экономикасы дүркүрөп өсүп, чарба өз кирешесинин эсебинен үч кабат мектеп, заңгыраган 600-700 орундуу кенен залы бар эки кабат клуб, эки кабат бала бакча, эки кабат контора, оорукана, айылдык жылуулук борбору, кырман, устакана, жыгач иштетүү цех, кыркын, тегирмен ж.б. көптөгөн социалдык-чарбалык зарыл курулуштарды курган. Сүт товар комплекси, 45-50дөй кой сарай салынган. Айыл Каракол суусунун өйүз-бүйүзүнө бүткүл союздук көргөзмөдө күмүш медалга татыктуу болгон башкы пландын негизинде курулуп, түнкү шам чырактар түнкүсүн айылды күндүзгүдөй жаркыратып турчу. Кийин союз кулаганда, эгемендүүлүктүн жылдарында эсил кайран союздун тушунда курулган көп курулуштар бузулуп кетти. Колхоз убагында айдалып-себилген жүздөгөн гектар жер аянттары кысыр калды. Жерлер айдалбай калган соң, 70 жыл кашыктап куралган сугат системасынын кээри кетти. Анын баарын эскерип отуруу оор.

Айылдын жана айылдыктардын башынан нелер өтпөдү. Айылдын түндүгүндөгү тоо кыркасында орун алган, союз убагында эле ачылып, бирок алтындын көлөмүнүн аздыгына байланыштуу иштетилбеген Андаш алтын кени чет өлкөлүктөрдүн энчисине кетүү менен, бийлик менен жергиликтүү элдин карама-каршылыгынын, талаш-тартыштын, өз ара түшүнбөөчүлүктүн, келишпестиктин объектисине айланды. Бул узак сөз.

Лирикалык чегинүү

Адатта, көп саясатчылар “биз эгемендикке кан төкпөй, адам жоготпой жеттик” деген кепти көп айтышат. Талаш жок, эгемендик үчүн кан төккөн жокпуз, колубузга курал кармап согушкан жокпуз. Арийне, анткен менен үч муундун жаштыгын жоготтук. Кан төгүлбөгөн “кансыз согуш” болду. Бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло алган жокпуз. Ар кимибиз бул туңгуюктан өз алдыбызча чыкканга тырмыштык. Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты заманда жашадык. Канчалаган көз жаш акпады, канчалаган арман көкүрөктө кетпеди.

Түнкү шамдар

Жаңылбасам, өткөн кылымдын 60-70-жылдарында Талас өрөөнү боюнча эки гана айылдын (колхоз) көчөлөрүндө түнкү шамдар жаркырап турчу. Бири – андагы Ленинполь, азыркы Бакай-Ата районунун андагы Орловка, азыркы Ак-Дөбө айылы, бири – Талас районунун Көпүрө-Базар айылы болчу. Ал түнкү жарыктар да эгемендиктин келиши менен кайра жангыс болуп өчүп калган. Сапар карып, апрелдин жылуу кечтеринин биринде айылдан Талас шаарына жөнөдүк. Айылдан чыгып, Кетиктин белинен өтө бергенде Талды-Булак айылында түнкү шамдар жаркырап туруптур. “Талды-Булакка цивилизация келген го” десем, жанымдагы жигит “Талдыбулактык Бишкекте жашаган бир жигит жасап бериптир” деп жооп кылды. Таласка чейинки жолдогу Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш, Чат-Базар, Ак-Сай, Кара-Суу, Көк-Кашат, Кырк-Казык айылдарынын баарында түнкү шамдар жаркырап турат. Ким билет, бул ак шамдарды ошол айылдан чыккан, эл баккан жигиттер коюп бергендир. Эмнеси болсо да, түнкү шамдар эч качан өчпөсүн, ошол жарыктардай жигиттер да көп болсун.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”