Башкы прокуратура жаңы ачылган жагдайлар бар дейт. Райпрокуратура аларды таба алабы?

“Кыргыз Туусу” гезитинин 13.02.2018-ж. санына жарыяланган журналист Мырзакат Тыналиевдин “Бул ишке качан чекит коюлат?” аттуу макаласы боюнча КРнын Башкы прокуратурасынан төмөндөгүдөй мазмундагы жооп келди.

Жоопто бул кылмыш ишинин жагдайлары сүрөттөлүп келип: “Шаршенбек Абиров Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан 08.12.2014-ж. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып 4 жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык соту тарабынан 19.06.2015-ж. райондук соттун бул өкүмү өзгөртүлүү менен Ш.Абировду КЖКнын 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3,6,13,14,15-пункттары менен күнөөлүү деп таап аны 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. КРнын Жогорку сотунун 26.01.2016-ж. токтому менен Бишкек шаардык сотунун өкүмү күчүндө калтырылган.

Бирок, “Кыргыз Туусу” гезитинин 10.032017-ж. санына жарыяланган макаланын, Ш.Абировдун жубайы А.Жусупованын арызынын негизинде 11.04.2017-ж. Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Ш.Абировго карата кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайлардын негизинде өндүрүш ишин козгоо токтому кабыл алынган жана КРнын Жазык процесстик кодексинин 387-беренесинин талаптарына ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБсынын тергөө бөлүмүнө тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн жиберилген…

…27.12.2017-ж. Ленин районунун прокурорунун жардамчысы О.Мамбетов тарабынан кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынган.

Иш материалдарын кароодо Ш.Абировдун 12.04.2012-ж. кылмыш окуясы болгон Ак-Ордо жаңы конушу же болбосо кылмыш окуясын жаап-жашыруу болгон Бишкек шаарынын Совет көчөсүндө, ЧЧКнын жээгинде болгондугун далилдөөгө эч кандай тиешеси жок, Ш.Абировдун Бишкек шаарынын Турбаза конушунун Ак-Тилек көчөсүнүн №52 участогунда жайгашкан үйүнө коңшу турган тургундардын көрсөтмөлөрү гана алынган жана алар Ш.Абировго мүнөздөмө бергенден башка аталган кылмыш ишке тиешелүү эч бир маанилүү көрсөтмө беришпегендиги аныкталган.

12.04.2012-ж. кылмыш окуясы болгон убакта Ш.Абировдун саат 10:30дан баштап Бишкек шаарынын 12- жана 7-кичирайондорунда жүргөндүгүн, ал эми саат 14:24 чамасында өзүнүн иштеген иш орунуна келгендигин, саат 15:18де 11-кичирайонго баргандыгын, уюлдук оператордун андан кийин “Пинара” мейманканасы, Арча-Бешик конушу, Жал кичирайону, Л.Толстой көчөсүнүн базалык станциялары камтыган жерлерде жүргөндүгүн тастыктоо үчүн көрсөтүлгөн убактарда уюлдук байланышка чыгышкан номерлердин абоненттери тастыкталып, алардын көрсөтмөлөрү алынган эмес. Ошондой эле, Ш.Абировдун берген көрсөтмөсүнө ылайык, аталган райондорго эшик- терезе сатып алганы баргандыгын аныктоого эч кандай тергөө аракеттери жүргүзүлгөн эмес.

О.Мамбетовдун 27.12.2017-ж. токтомунда Ш.Абировго тиешелүү номердеги уюлдук телефонду кылмыш окуясы болгон убакта балдары же аялы колдонуп жүргөн деген жүйөөсү эч кандай фактылар менен далилденген эмес жана негизсиз.

Мындан сырткары, О.Мамбетовдун Ш.Абиров кылмыш окуясы болгон күнү Ак-Ордо конушунда болгондугу толук далилденген деген тыянагы да эч кандай далилдер менен тастыкталган эмес. Ошондуктан, анын жаңы ачылган жагдайлар боюнча козголгон өндүрүш ишин токтотуу жөнүндө токтому негизсиз, иштин бардык жагдайлары такталбастан кабыл алынганы аныкталгандыктан, 23.02.2018-ж. Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурорунун жардамчысы О.Мамбетовдун 27.12.2017-ж. чыккан токтому жокко чыгарылып, жазык иштин материалдары Ленин районунун прокуратурасына кошумча тергөө уюштуруу үчүн жөнөтүлдү”, – деп жазылган.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”