«Көтөрүп атка салганың – дурусуң, көчүктөн чымчып алганың – курусун»

Союз тарагандан кийинки “жапайы приватташтыруу” убагында далай социалдык жана маданий мекемелер жеке колдорго өтүп кеткенине мисалдар четтен чыгат. Алардын арасынан “өзгөчө талоонго түшкөнү” бала бакчалар болду. Мына ошондон улам акыркы мезгилде мурда приватташтырылып кеткен бала бакчаларды кайра муниципалдык менчикке алуу процесси башталган.

Мында, албетте, Бишкек шаары “биринчиликти” бербей келет. Анткени, бала бакчалардын көбү борбордо болчу. Жакында азыркы мэр Албек Ибраимов: “Балдар бакчаларын кайтарып алуу боюнча программа 2010-жылы башталган. Өткөн жылы төрт бакчаны кайтарып алдык, аларды оңдоп-түздөп, үчөөсүн пайдаланууга бердик. Быйыл дагы үч бакча ачууну пландаштыруудабыз, бирөөсү мурдагы эт комбинатынын бала бакчасы. Мамлекеттик бакчаларды кайтарып алуу боюнча соттук процесстер уланууда. Кезекте дагы эки бакча боюнча сот процесстери жакынкы мезгилде аяктамакчы жана алар да мамлекетке кайтарылмакчы”, – деп шаардыктарды кубантты.

Мэрдин сөзүнө ишенүүгө болобу, билбейм. Бирок, мэриядан анча алыс эмес жерде жайгашкан бакча боюнча макаланын аталышындагыдай эле болду. Бул боюнча биздин редакцияга коомдук активист, КРнын эмгек сиңирген экономисти Зоотбек Кыдыралиев билдирди.

Окуянын чоо-жайы мындай. Ишмердиги мэрликке караганда коммерсанттыкына көбүрөөк окшошуп кетчү экс-мэр Борис Силаевдин 06.10.1995-ж. №123 токтому менен Транспорт министрлигинин Москва – Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бала бакчасы министрликтин дагы 0,01 га жер участогу кошулуу менен жалпысынан 1,05 га жер аянты менен кошо Ч.Курбанов дегендин (бизге жеткен маалыматка караганда Б.Силаевдин жакын адамы) “Апис” колледжине билим берүү комплекси үчүн (бала бакча, баштапкы жана орто мектеп) берилет.

Дароо эле айта кетсек, Ч.Курбанов ал жерге колледж кура турган ою да болбогонун анын андан аркы аракети көрсөтүп турат. “Билим берүү мекемесин куруу үчүн” деген жүйөө жөн эле көз будамайлоо болгон. Андан ары көпчүлүккө белгилүү жана көптөгөн коррупционерлер мамлекеттик менчикти арзан алып, кымбат сатуу менен чөнтөктөрүн кампайтышкан схема башталат. Ч.Курбанов бакчаны жер участогу менен күрөөгө коет да “Кайрат Банк” ААКсынан 4,4 млн. сом кредит алат. Албетте, Ч.Курбанов кредитти кайтарууну ойлоп да койбойт. Андан ары соттун, банктын, карызгердин жана акчалуу “үчүнчү адамдын” катышуусу менен бул бүтүмгө мыйзамдуу түр көрсөтүү боюнча коюлган “спектакль” башталат. Бишкек шаардык арбитраждык соту (судья Давлетбаева) өзүнүн 23.03.1999-ж. чечими менен күрөөгө коюлган мүлктү сатууга чыгаруу жолу аркылуу “Кайрат Банкка” берет. Банк 2002-ж. февралында бакчаны жеке адамдар Нурдин Дилдебековго жана Жаңыбай Жамшитовго 3,6 млн. сомго сатат. Алар ошол учурда “Кыргыз тамекиси” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери болушкан.

Анан, сөз башында айтылгандай, мамлекетибиз кечигип болсо да 2010-жылдан кийин ага чейинки бийликтер убагында биздин мисалдагыдай болуп канчалаган бала бакчалар мыйзамсыз жеке колдорго өтүп кеткенин жана борбордо бакчалардын жетишсиздигин эске алуу менен аларды мамлекетке кайтаруу боюнча аракеттерди көрө баштабадыбы. Натыйжада өлкө боюнча 82, анын ичинен Бишкек боюнча 6 бакча кайтарылганы айтылып келет. Алардын ичинде биз сөз кылган бакча да бар экен. Ал мыйзамсыз “приватташтыруучулардан” алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна берилиптир.

Мындай аракетти сөз болгон бакчанын айланасында жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары да кубануу менен кабыл алышкан. Анткени, Бишкектин дээрлик борборунда жайгашышса да, бакча жетишсиздиги алардын да көйгөйү болуп келген. Бирок, алардын кубанычы көпкө созулган жок. Анткени, бакча мурдагы профили сакталып, муницпалитетке кайтарылуунун ордуна, Жогорку сотко караштуу сот департаментине Биринчи май райондук сотун жайгаштыруу үчүн берилгени ачык болду. Азыр ремонт иштери жүрүп жатат. Мына ушундан улам, макаланын аталышындагы макалдагыдай болуп чыкты.

Кызык эмес бекен? Сапар Исаков жетектеген Өкмөт социалдык объектилердин статусун өзгөртпөө боюнча мыйзамдын жоболорун бузууга жол бергени кандай? Анын үстүнө азыркы учурда бала бакчаларда бир орунга 2-3 бала туура келип, бакчалардагы ар бир топто 25-30 баланын ордуна 50-60тан бала тарбияланып (ушунда кандай тарбия болмок эле?) жатканда ушул чечим туурабы? Мэриянын маалыматы боюнча учурда шаардан азыр 35 бала бакча куруу боюнча жер участоктору табылбай жатат!

– Анын үстүнө өткөн жылдагы президенттик шайлоо убагында азыркы Президент Сооронбай Жээнбековдун штабындагылар ушул бала бакчаны кайтарып берүүнү убада кылышкан, – дейт З.Кыдыралиев. – Бул жерге бала бакча, же Россиянын Крым шаарындагы “Сириус” балдар фонду сыяктуу балдар борборун да түзүүгө болмок.

Буга эми мамлекет башчысынын штабындагылар жана өлкөдө мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу вазийпасы жүктөлгөн Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева эмне деп жооп беришер экен?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”