КУЛАК КАГЫШ: «Кыргыз Туусу» жана мамлекеттик маалымат саясаты

Күн өткөн сайын маалыматтын мааниси артып баратат. Маалыматсыз мамлекет түгүл, жеке жарандын да иши жүрбөйт. “Ким көп маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат” деген заманда жашап жатабыз. Ага жараша маалымат алуунун булагы да чексиз. Айрыкча интернет айдыңынын арааны жүрүп турган чагы. Жарандар өздөрүнө керектүү маалыматтарды түрдүү булактардан алып жатышат. Мындай шарттарда мамлекеттин маалымат саясатын элге жеткирип жаткан улуттук тун гезит “Кыргыз Туусунун” орду өзгөчө.

Ал эми мамлекеттик маалымат саясаты деген эмне? Жөнөкөй айтканда бул – мамлекеттин учурдагы саясий-экономикалык, социалдык турмушу, ушул өңүттө жасап жаткан аракеттери, умтулуусу, максаттары, эртеңки барчу багыты, кылымдар бою түптөлгөн, улутубузду улут катары калыптандырган маданияты, тарыхы. Мамлекет ушул баалуулуктарга таянып кадам жасайт. Ал кадамдарын элге жеткирген мамлекеттик басылмалардын көч башында тургандардын бири – “Кыргыз Туусу” гезити.

Улуттук тун гезит катары “Кыргыз Туусунун” өзү да мамлекеттик баалуулуктарга кирет. Кыргызча айтканда быйыл 94 жаштын чайын ичип отурган “Кыргыз Туусу” гезити өзүнүн наркынан, салабаттуулугунан жазбай, элибиздин кызматында келе жатат. Учурда республиканын бардык булуң-бурчуна тарап, мамлекеттин маалымат саясатын калайык-калкка жеткирип келебиз. Сыймыктануу менен айта турганыбыз – эл менен байланышыбыз дурус. Редакциябыздан эл аягы үзүлбөйт.

Көпчүлүгү арыз-арманын уга турган акыркы инстанция катары бизге кайрылышат. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, жообун алып бергенге аракетибиз күч.

Өкүнүчтүү жагы – мамлекеттин маалымат саясатын элге жеткирүүнүн маанисин бардык эле бийлик органдары жеткиликтүү түшүнбөйт же кош көңүл мамиле кылышат. Муну “Кыргыз Туусу” гезитине жаздыруу өнөктүгүнөн көрүп жатабыз. Ал эми жаздыруу өнөктүгүн гезит мамлекеттик органдарга таянып жүргүзөт. Анткени максатыбыз бир. Мамлекеттик органдар мамлекеттин саясий-экономикалык, социалдык саясатын ишке ашырса, биз аны чагылдырабыз. Ушул жерден айрым облусттардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өктөбүз бар. Сөзүбүз куру болбосун үчүн фактыга кайрылалы. “Кыргыз Туусу” гезитине 2018-жылдын 1-жарым жылдыгына карата жазылуу өнөктүгүндө Ысык-Көл облусунун Түп району боюнча болгону – 39, Балыкчы шаары боюнча – 15, Жети-Өгүз району боюнча – 37 киши жазылыптыр. Эми жүйөлөшүп көрөлү. Мисалы, Түп району республикабыздагы эң ири райондордун бири. Бул райондо айыл өкмөттөрүнүн аппараттары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, райондук масштабдагы мекемелер, билим берүү органдары бар экенин эске алсак, анан “Кыргыз Туусун” окуй турган болгону эле 39 адам болуп калабы?

“Кыргыз Туусунун” ар бир санынын үч бетинде президенттин, өкмөттүн саясатына тиешелүү расмий маалыматтар жарыяланат. Андагы маалыматтардан кабары жок бул эмне болгон айыл өкмөттөрү, эмне болгон жергиликтүү кеңештин депутаттары, эмне болгон мамлекеттик мекемелер?! Кайталап коелу ал маалыматтар Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары көңүл бура турган, көңүл бурууга милдеттүү расмий маалыматтар! Ал маалыматтардан кабары жок жергиликтүү бийлик мамлекеттин саясатын кантип жүргүзөт?

Чүй облусуна келсек, ушул эле көрүнүш. Ысык-Ата району боюнча – 41, Сокулук району боюнча – 45 киши жазылыптыр. Буга караганда: “Бул райондордо мамлекеттин расмий маалыматтарына маани бере турган жергиликтүү жетекчилер деги барбы?” – деген суроо өзүнөн-өзү жаралбай койбойт экен. Белгилей кетсек, 2018-жылдын 1-жарым жылдыгына карата “Кыргыз Туусуна” жазылуу өнөктүгүндө республикабыздагы эң алыскы делген Баткен облусунун райондору активдүү катышып жатканы (Баткен району – 286, Кадамжай – 169, Лейлек – 164) бизди кубандырат. Ошондой эле төмөнкү райондордо көрсөткүч мындай: Ала-Бука-Чаткал (почтосу бир) – 209, Кара-Суу – 230, Кара-Кулжа – 204, Аксы – 218, Ак-Талаа – 100, Жумгал – 133.

“Сыпайы сырын жашырбайт” дейт, дагы бир нерсени окурмандарыбызга ачык айтып койбосок болбойт. “Кыргыз Туусу” гезити өкмөттүк болгонубуз менен бизге бюджеттен каражат бөлүнбөйт. Ага карабастан рынок шартында чарбалык эсепке өтүп, өзүбүзчө түтүн булатып келатканыбызга көп болду. Таянганбыз эле биздин гезитке жазылып окуган туруктуу окурмандарыбыз. Колдон келсе алыскы-жакындагы ар бир үйгө жетсек дейбиз. Ага чамабыз чак. Болгону эле мамлекеттин саясатын чагылдырып жаткандан кийин жер-жерлердеги мамлекеттик органдардын жетекчилери да кызыкдар болсо, 2018-жылдын 2-жарым жылдыгына карата жазылуу өнөктүгүндө колдоо көрсөтсө деген гана ойду айттык.

Саясий арнография

Кызарта чоюп кулагын…

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге

“Кыргыз Туусу” төл гезит,

Кыйындан Касым иштеген.

Журтка кызмат кылсын деп,

Жусуптун өзү түптөгөн.

Карасаев, Түгөлбай,

Каруу болгон, күчтөгөн…

 

Кыйладан бери байкайбыз,

Кызык иш болду кокуй, ай.

Алптардын эли бул күндө,

Алыстап кетип баратат,

“Кыргыз Туусун” окубай.

 

Мамлекеттик саясат,

Маани-жайын түшүнүп.

Азыраак эле жумуш бул,

Акимдер койчу бүтүрүп.

 

Өкүнтөт ушул маселе,

Өркөнүң өскүр Узарбек,

Өзүң айтчы бу жагын?!

Кызарта чоюп койсоңчу,

“Кыргыз Туусун” баалабас,

Чоңдоруңдун кулагын!

 

Түртүп койсоң болбойбу…

Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Карагуловго

Ысык-Ата, Сокулук,

Экөө бирге кошулуп,

85 гезит алганы.

Уят эле иш болот,

Ушуга жетсе дарманы,

Килейген эки район,

Кибиреп минтип отурса,

Эмине болот калганы?

 

Сары-Өзөнгө баш болуп,

Жаңы келдиң Уланым,

Жалындап иштээр убагың.

Жарытпай жатат жаздырып,

Жалкоолук кылып буларың!

 

Жандата сөздү айтканда,

Жалы карыш лөктөрүң,

Жаздыруу жагын ойлойбу?

Таштап койчу иш эмес,

Тамаша кылчу биз эмес!

Түшүнбөй балким жатпасын,

Түртүп койсоң болбойбу?!

 

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”