А.Саляновага байланыштуу сотун өкүмү күчүндө калды

Жогорку сот экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды. Салянова «2010-жылы юстиция министри кезинде Бакиевдердин жакыны Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан» деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөмөк болду.

Эске сала кетсек,  Аида Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») айып тагылган. «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Соттун жыйынтыгына макул болбогон А.Салянованын тарапташтары бул саясий негиздеги айыптоо экендигин айтып келишет. Ал эми А.Салянова мындай Жогорку соттун чечиминен соң өз актыгын колунда турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен далилдөөгө аракет кыларын билдирди.