Кытайдан аткезчилик менен келе жаткан спирт ичимдиктери кармалгандыгы тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашты.

Атайын жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Кытай Эл Республикасынан (КЭР) аткезчилик жолу менен алынып келе жаткан арактар табылган.

Токтотулган унаанын ичинде эч кандай КЭРнын акциздик маркасы чапталбаган  0,5 л. — 24 бөтөлкө; 0,250 л. — 200 бөтөлкө болгон.

Аталган иш боюнча материалдар тергөө органдарына жөнөтүү үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасынын кароосуна жиберилген.